Сонку жаңылыктар: Чүйдө ок атылды. Жети-Өгүз райондук прокурору камалды

18.10.2019
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайра кайтарып жаткан учурда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары жана Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Иликтөөдө такталгандай, прокурор тергөөчү менен бирге Кыргызстандын жаранынын кылмыш ишин кыскартыш үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып, 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Кармоо операциясын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгы менен Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү чогуу жүргүзгөн. Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагында 19 жылга соттолгон кылмышкер качууга аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 17-октябрь күнү эртең менен болгон. Анда 31 жаштагы С.А. аттуу соттолгон жаран качууга аракет кылган. "Кылмышкерге постто турган кызматкер эки жолу ок аткан. Мындан улам ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда абалы канааттандырарлык. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Похожие видео