БУРУЛАЙДЫН СОТУ БОЮНЧА ОКУМ ЧЫКТЫ HD

11.12.2018
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдали кызын ала качып милиция бөлүмүнөн өлтүрдү деп шектелип жаткан Марс Бөдөшевдин мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратты, кылмышкер жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөйт. Ал эми кылмышка катыштыгы бар деп айыпталган Акмат Сейитов 7 жылга кесилди. Камакка алынгандар жабырлануучу тарапка материалдык чыгым үчүн 300 миң сом, моралдык чыгым үчүн 500 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Соттун өкүмү 10 күндүн ичинде күчүнө кирет. Бул убакыт аралыгында айыпталуучу тарап Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрыла алат. Белгилей кетсек, Марс Бөдөшев Кылмыш жаза кодексинин 155 (ала качуу) жана 97-беренелери (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылса, Акмат Сейитов 30-берене (кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү) боюнча эркинен ажырады. Сот Чотонов Марс Бөдөшев коюлган айыпты жарым-жартылай мойнуна алганын айтты. Андан сырткары, кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденгенин кошумчалады. Ошондой эле Бурулайды Бөдөшев өлтүргөнүндө шек жок деген чечим чыкканын билдирди. Айыпталуучулар Бөдөшев менен Сейитов өкүм чыгардын алдында акыркы сөзүн сүйлөп, соттон ишти адилеттүү карап берүүнү суранышкан. Белгилей кетсек, мамлекеттик айыптоочу 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын өлтүрдү деп айыпталып жаткан Марс Бөдөшевди 23 жылга эркинен ажыратууну суранган. ИНФОРМАЦИОННЫЙ ВИДЕО-ПОРТАЛ l Будьте в центре событий с нами ⭕️Авторский видео-ролики ⭕️Реклама и сотрудничество с каналом: +996772221111 © NEWS KG INSTAGRAM https://www.instagram.com/news.kg/

Похожие видео