Түрмөдөн жаңы чыккан адам жаш кызды өлтүргөн.
2015-жылдын 25-сентябрь күнү саат 15:20 чамасында, Кара-Көл шаарынын “Энергетик” паркынын күн чыгыш тарабында, Кара-Көл шаарынын тургуну, жашы жете элек өспүрүм 2004-жылы туулган №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучу кызды моюнунда көк түстөгү, ничке жип менен муунтулуп, киши колдуу өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Ата-энесинин айтуусу боюнча каза болгон кыз 2015-жылдын 25-сентябрь күнү эртең мененки саат 09:00го Кара-Көл шаарындагы музыкалык мектепке барып, ал жерде саат 09:30га чейин окуп чыгып кетип кайтып үйгө келбей калгандыгын билдиришкен. Аталган факты боюнча материал Кара-Көл ШИИБнүн кылмыштарды катто китепчесине катталып Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-ст. 2-бөл. 3-пункту менен кылмыш иши козголду. Окуя болгон жерге Кара-Көл ШИИБнун өздук курамы толук чыкты. Окуя болгон жерге Кара-Көл ШИИБнун тергөө-ыкчам тобу тарабынан кароо жургузулуп, тиешелүү материалдарды толугу менен чогулткан. Каза болгон жашы жете элек өспүрүм кыздын жансыз денеси Кара-Көл шаардык ооруканасынын МОРГуна жеткирилип, анын өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында оперативтик иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кара-Көл шаарынын 7-аянтчасында жайгашкан күрөөканадан каза тапкан жашы жете элек өспүрүм кыздын алтын сөйкөсү 600 сомго күрөөгө тапшырылган жеринен алынып, жоголгон уюлдук кол телефону Токтогул районуна караштуу Ала-Бел аянтчасында жайгашкан ашканалардын бирине 400 сомго сатылган жеринен алуу протоколунун негизинде Кара-Көл ШИИБнө алынып келинди. Бул иш боюнча атайын тажрыйбалуу оперлерден куралган ыкчам топ түзүлүп,аны Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жеке көзөмөлгө алып, алгачкы ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү адамды кармашты. Аталган факты боюнча Кара-Көл ШИИБнүн өздүк курамы тарабынан кылмышка шектүү катары Токтогул районунун Торкент айылынын тургуну 1980-жылы туулган И.А. Кара-Көл ШИИБнө алынып келинип алдына ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүү буга чейин 6 жолу Кыргыз Республикасынын КЖКнин 164-ст (Уурдоо). жана 246-ст. (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү )менен соттолгон, акыркы жолу Бишкек шаарынын 1-май райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 164-ст. жана 246-ст. менен 4-жылга эркиндигинен ажыратылып, 2015-жылдын 18-сентябрь күнү Покровка абагынан бошотулгандыгын өз сөзү менен билдирет.