Сот реформасына байкоо жүргүзүлүү иштери башталды HD
Жаңылыктардын кийинки түрмөгү сот, укук темасында болмокчу. Сот реформасына байкоо жүргүзүлүүдө. Бул багытта түзүлгөн эксперттик жумушчу топ жыйын өткөрүп, бир катар маселелер талкууланды. 24 мүчөдөн турган жумушчу топту түзүү чечими май айында президенттин катышуусунда өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында кабыл алынган. 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси иштей баштайт. Ошондой эле алгачкы жолу “бузуулар тууралуу” кодекс ишке киргизилгени турат. Анда жаран тарабынан келтирилген зыян олуттуу болбосо кылмыштан өзүнчө бөлүнүп, укук бузуу катары гана сыпатталат. Саналуу айлардан кийин иштей турган жаңы мыйзамдарга кыргыз коомчулугунун даярдыгы болушу шарт. Мындан улам сот реформасын ишке ашыруунун зарыл чаралары аткарылууда. Атайын түзүлгөн байкоо жүргүзүүчү эксперттик топ президенттин катышуусундагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынынан кийин түзүлгөн. Ага аталган кеңештин өкүлдөрү да мүчөлүк кылат.