Кой-Таш боюнча сот: Атамбаевдин зыяны коомго эмгиче тийип жатат

04.03.2020
Былтыр 7-8-августта Кой-Ташта болгон башаламандык боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алгачкы сот жыйыны өтүүдө. Анда атайын күчтөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайына эки күн бою чабуул жасап, аны араң кармаган. Ага чейин Атамбаев милициянын чакыруусу боюнча суракка бир нече жолу барбай койгон. Айрымдар бул иш менен бийлик Атамбаевге саясий куугунтук жүргүзүп жатат дейт жана аны менен мурдагы президентке карата коомдо жагымдуу маанай жаралууда. Дагы башкалар Кой-Таш иши боюнча Атамбаевди акташ керек деген пикирде, анткени чабуул учурунда бир топ ката кетирилген, ал чабуулду башынан эле УКМК эмес, Ички иштер министрлиги жүргүзүш керек эле деп, дагы башка каталар тизмектелүүдө. Мындай сөздөрдө да чындык бар, бирок аны менен Атамбаевдин кылганын актабаш керек. Күч түзүмдөрү күнөөлүү болсо, Атамбаев менен анын жакындары ого бетер күнөөлүү. Ката кетирген ал күчтөрдүн жана алардын жетекчилеринин жасаганын тергеп, аларды дагы соттоп-жазаласа болот жана керек, бирок ал таптакыр башка иш жана аларга күнөө такыр башка беренелер боюнча коюлууга тийиш. Бул башка иш боюнча тергөө качан жана кантип жүргүзүлөөрүн биз билбейбиз, бирок азыр таптакыр башка иш каралып жатат жана бул эки ишти бир-бири менен чаташтырбаш керек. Бирок бир нерсе анык: Кой-Ташта былтыр түзүлгөн абал үчүн Атамбаев менен анын жакындары жооптуу жана күнөөлүү. Алар мыйзамдарга да, бийлик өкүлдөрүнүн айтканына да баш ийген эмес, натыйжада бир адам окко учуп, дагы канчалар жараланды. Мисалга, сизге милиция өкүлү келип, суракка чакырса, барбай коё аласызбы? Сөзсүз барып, суроолорго жооп берип, анан гана ошол аракет мыйзамдуу же мыйзамсыз болгонун адвокаттар менен кошо териштирсе болот. Ал эми андай чакыруунун талаптарына сиз 2-3 жолу баш ийбей койсоңуз жана ал буйрукту аткаруу үчүн сизге куралчан адамдар келсе, сиз колуңузга курал алып, аларга каршылык көрсөтсөңүз эмне болот? Андай окуядан бир гана жыйынтык чыгышы мүмкүн – сиз сөзсүз жазаланасыз. Андай болбогондо, башкалар дагы мыйзам талаптарын аткаруудан баш тартып кирет жана андан өлкөдө башаламандык үчүн шарт түзүлөт. Ансыз деле өлкөдө укуктук нигилизм күч жана өлкө менен кыргыз коомун ушундай кейиштүү абалга – Атамбаевдин 6 жылдык президенттиги учурундагы бийликтин маанайы менен аракеттери алып келди. Мындай анархиялык маанайды кескин түрдө токтотуш керек жана анын кайталанбашы үчүн шарт түзүлүүгө тийиш. Атамбавди коргоп, ага карата эл арасында жагымдуу маанай түзүү аракеттери болсо коомдук пикирди иритип, жалпы аң-сезимге хаос себет. Айрымдар Кой-Таш боюнча сот иши ачык болууга тийиш деген пикирде, Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов бүгүн – ага каршы эместигин билдирди. «Соттун ачык болушуна биз каршы эмеспиз. Мен дагы бир жолу кайталап коёюн – бул кечээ күнү жана бүгүн гана жабык, анткени алдын ала угуу болуп жатат, сот ошентип чечкен. Бул жыйын канчага уланаарын биз билбейбиз. Сот иши өзү башталганда, анын жабык же ачык болоорун сот чечет. Ачык өтүшүнө биз каршы эмеспиз», – деди айыптоочулар

Похожие видео