Мурдагы президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө

09.07.2019
Өзү мурда убада кылгандай, Алмазбек Атамбаев бүгүн Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнө барган жок. Чакыруу кагазы кечээ күнү Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүнүн кайтаруучуларына берилген жана ал тууралуу видео кечээ күнү эле социалдык тармактарда тараган. Атамбаев кечээ – андай кагаздарды окуп да койбойм, юристтерге берем деген. «Анан мен дайым айтып атам. Бир ай мурун келген бирөөлөр – мага эч ким кереги жок, менин өзүмдүн керек болсо курал-жарагым бар. Мен койго окшоп колхоздун башкармасы айтса эле кете бербеймин дедим да... Сооронбай менен парламенттеги чимкириктер бир театр кылып атат, Атамбаевди соттойбуз депчи. Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин... Уурулардын, мобу чимкириктердин сотуна бара турган Атамбаев эмес», – деген Атамбаев 22-июнда Кой-Ташта. Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев болсо бүгүн – чакыруу кагазы бериле турган адамга эмес, башкага тапшырылыптыр, кечинде келип, эртеси эртең мененкиге чакырган болбойт, бирок эң негизгиси – Атамбаевди кол тийгистиктен Жогорку кеңеш мыйзамсыз ажыраткан деп билдирди. Ошондуктан, анын эмгиче иммунитети бар имиш. Анда мындай логика боюнча – Атамбаев кол тийгистиктен ажыраган-ажырабаганы белгисиз болуп калууда. Жана мындай логиканы көчөдөгү адам эмес, жарандарды сотто коргоп жүргөн адвокат колдонууда. Юристтер тиги же бул мыйзамды же кабыл алынган чечимди бурмалап, аларга такыр башка маани берүүдөн алыс болуш керек жана өздөрү дагы мыйзамдын талаптарын аткарып, алар коргоп жаткан адамдарды дагы ошого үйрөтүүгө тийиш. Слесарев, андан тышкары, тергөөчүгө кат жаза турганын билдирди. Укук менен мыйзам тааныбаган ооруну Атамбаев – анын жанында жүргөндөрдүн баарына жугузуп жаткандай. Эгер мурда ал өзү жана анын кол алдында иштеген министрлер менен премьерлер материалдык пайда табуу үчүн мыйзам бузуп келсе, эми алар жоопкерчиликтен кутулуу максатында эч бир мыйзамды же башка бирөө кабыл алган чечимди тааныбайбыз дегенге өтүп жатат. Адвокат Слесаревдин айтымында, жаңы мыйзамдын күчү артка тарабайт. Бирок Атамбаев эски эле мыйзамдар менен соттолот. Мисалга, кимдир бирөө кылмыш жасап, бирок жоопкерчиликтен качып, кайсы бир үйгө кирип, кулпуланып алса, милиция келип, эшикти ача албагандай абал түзүлгөн. Милициянын кулпуну сындырууга мурда укугу жок болсо, эми аларга андай укук берилип жатат. Бир да мыйзам өзгөргөн жок. Мыйзамдын күчү артка тарабайт деген эреже – жоопкерчилик менен гана байланыштуу болот, жаңы мыйзам боюнча жоопкерчилик мурдагыдан катууланса, мурда соттолгон адамга ал жаңы эреже тарабайт. Кол тийбестик болсо – таптакыр башка нерсе. Мурда бул адамды жоопко тартуу такыр эле мүмкүн болгон эмес, эми андай мүмкүнчүлүк ачылып жатат, жоопко болсо адам – эски эле мыйзамдар менен тартылат. Слесарев, андан тышкары, «Президенттин ишкердигине кепилдик тууралуу» деген 2003-жылдагы мыйзамдын экс-президент тууралуу беренесине таянат. Эгер президент «экс» деген макамдан ажыратылса, ал «экспи» же «экс» эмеспи? Мисалга, шайлоодо добуш берүүгө өлкөнүн жарандары гана укуктуу, эгер кимдир б

Похожие видео

Показать еще