Текебаевге караганда, кыргыз сот системасы Дамирбек Асылбек уулун жакшы көрөт HD
Ишемби күнкү бир жаңылыкка дээрлик эч ким көңүл деле бурган жок – Жогорку сот өз чечими менен Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун жаза өтөөдөн бошотту. Ал былтыр февралда Казакстанда кармалган жана уюшкан кылмыштуу топ түзүп, аткезчилдик кылган деп ошол эле жылдын апрель айында казак соту тарабынан 10 жылга кесилген. Алматы шаардык соту ал өкүмдү былтыр сентябрда бекиткен, ноябрда болсо Асылбек уулу Кыргызстанга өткөрүп берилген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту анын 10 жылдык өкүмүн былтыр 19-ноябрда таанып, аткарууга алган. Бирок мына, андан бери бир жыл өтпөй, Дамирбек Асылбек уулу эркиндикке чыгып жатат жана 10 жылга эркинен ажыратылган адам чындыгында абакта бир жарым гана жыл отурду. Айрым кыргыз саясатчылары – Асылбек уулу кунөөлүү эмес, Казакстандын атайын кызматы ага каршы атайын операция уюштуруп кармаган, коюлган күнөө далилденген эмес дейт. Дамирбекти мактаган тасмалар да тартылды, аларда анын туугандары менен белгилүү спортчулар да ошондой пикир билдирген, кыргыз депутаттары Алматыга сотко барып турду, бирок 10 жылга кесилген адам эмне үчүн 18 гана ай отуруш керек? «Менимче, 90 миң доллар табылган. Бирок тартылган видеого караганда, бул акчаны – атайын кызматтар тарабынан алардын арасына киргизилген жигит келип калтырып кеткен, анан бирөөгө телефон чалган. Менин оюмча, төрагалык кылган сот ишти адилет өткөрүп жатат», - деген Алматы соту учурунда 2019-жылы ЖК депутаты Алмазбек Баатырбеков. Мисалга, 8 жылга кесилген Текебаев менен Чотонов абакта 2 жарым жыл өткөрдү жана бир жылдан бери алардын кайра карала турган иши каралып бүтпөй жатат. Кыргыз соту – эгер аларды актаса же өкүмдү орчундуу өзгөртсө, мурда чечим кабыл алган соттор күнөөлү болуп чыгат жана аны менен бүткүл сот системасы кыйрандыга учурайт дейт. Бирок эмне үчүн анда башкалардын өкүмдөрү ошондой эле орчундуу өзгөртүлөт экен? Кыргызстандын соттору жакшы көргөн ошондой адамдардын катарына белгилүү коомдук ишмерлер эмес, чылкый коррупциялашкан чиновниктер менен кылмыш чөйрөсүнө кошулуп кеткен спортсмендер кирет. Мисалга, 2016-жылдын июнунда прокурор Кылычбек Арпачиев 14 жылга кесилген, бирок 3 эле жылдан кийин, былтыр июлда ал жатак колонияга чыгарылды, айрымдар болсо азыр ал толук бошоду дейт. Сот менен прокурорлор мурдагы президентти да жакшы көрөт, бийликти узурпациялаганы үчүн эмес, Атамбаев андан жеңилирээк күнөө менен соттолуп жатат. Анын жакшы көргөн баласы Сапар Исаков болсо былтыр декабрда ТЭЦ боюнча 15 жылга кесилген, экинчи иш боюнча анын күнөөсү 25 жылга эркинен ажыратылууга татыйт деп сотто айтылган, бирок июнда 15 жылга 25 жылды кошуп, сот аны 18 жылга кести. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун дагы жазага каршы иммунитети бар. Алар абакка өздөрү каалаганда гана кесилет, анткени кийин кылмыш чөйрөсүнүн наамдарын алыш үчүн аларга – мурда түрмөгө отуруп чыккан деген факт керек. Соттор аларды такай мөөнөтүнөн мурда бошотот жана Азиз Батукаевдин мисалы менен бошогон кылмышкерлерге толгон биздин мындай коом – айыккыс ооруга чалд