Бензин кымбаттады. Суу менен жүргөн машине бар, бирок эмнеге элге беришпейт?! Канча нефть калды. HD

02.04.2021
Бензин менен жүргөн алгачкы автомашинага 1886-жылы патент алынган. Мына ошол күндөн тартып окумуштуу-инженерлер, “бензиндин оордуна башка кандай мунай зат колдонсо болот?” деп изилдөө жүргүзүп, эксперименттерди жазап келишет. Биз ишенбешибиз мүмкүн, бирок окумуштуулардын көптөгөн жылдарга созулган иш-аракеттери оңунан чыгып, алар жада калса суу менен жүрө турган автомашина жазап чыгарышкан. Сиз бул укканыңызга ишенбей турасызбы?! Элестетсеңиз, автомашинаңыздын багын ачтыңыз дагы, арыктан эки чака суу көтөрүп келип куйуп алып, айдап кетип калдыңыз. “Кимге жомок-кимге чын” дегендей. Эмесе көңүл буруңуз, алдыда бензиндин оордуна колдонсо боло турган мунай заттын түрлөрү! Биринчиден: Бензиндин оордуна колдонула турган мунайдын экологиялык таза түрлөрүнүн бири, бул биодизель - башкача айтканда кадимки эле биз тамак жазаганда колдонгон суу майдын калдыктары. Бул мунай затын таптаза бойдон, же болбосо дизельге аралаштырып колдонсо болот, жана эң маанилүү учуру, биодизель куйуш үчүн кыймылдаткычка эч кандай өзгөртүү киргизүүнүн кереги жок. Идеянын өзү Рудольф Дизель аттуу инженер-окумуштууга таандык. Эми элестетип көрүңүзчү, күн сайын тойкана-ашканалардан канчалаган тонна суу майдын калдыктары чыгат??? Эгерде бензиндин ордуна ошону колдоно турган болсок, канча миллиондогон акчалар үнөм болот эле? Ал эми экологиялык жагынан алып караганда, бензинге салыштырмалуу биодизельдин зыяндуулугу кыйла аз экени аныкталган. Азыркы учурда Америка, Жапония, Бразилия, жана ошондой эле айрым Европа мамлекеттеринде бензиндин оордуна биодизель, өтө көп эмес өлчөмдө колдонулуп келет. Ал эми Германияда болсо бүгүнкү күнгө карата 800гө чукул биодизель сатылуучу станциялар иштейт. Oil World ишканасынын аналитиктери, 2020-жылы автомашиналарга куйулуучу мунай заттардын 20% биодизель түзүп калат деген чечимге келишкен. Чындап эле жакынкы арада баарыбыз биодизель менен жүргөн автомашиналарга отуруп калышыбыз мүмкүн окшойт. Себеби Volkswagen “Beetle” деген аталыш менен, атайын биодизельге ылайыкталган машиналарды чыгара баштаган. Белгилей кетсек жыл сайын 10 августта биодизель күнү белгиленип келет. Экинчиден: Сжатый воздух менен, кыргызча айтканда кысылган абаа менен иштеген кыймылдаткыч. Мындай машиналар бир канча ишкананын короосунда чыгарылып келет. Peugeot компаниясы биринчилерден болуп чоң ачылыш жазап, бензин менен жүргөн кыймылдаткычтын жанына кысылган абаа менен жүргөн кошумча атайын тетиктерди орнотушкан. Франсуз инженерлеринин максаты бензиндин чыгашасын жүзүнө 3 литрге чейин кыскаруу эле. Ал эми дал ушундай автоунааларды коомчулукка көп сандап чыгаруу, эмнегедир кармалып келет. Ким билет, мүмкүн мындай машиналарды, келечекте, кыргыз инженерлери көп сандап чыгарып калышаар. Үчүнчүдөн: Жердин астында дагы канча жылга жете тургандай нефть калды? Айрым адамдар ушул суроону укканда башынан ылдый муздак суу куйуп жибергендей чочулашат. Себеби чындыгында нефтьттин калдыгы чектелүү экенин алар жакшы билишет. Демек нефть түгөнгөн күнү, алардын акчалары дагы түгөнөт. Ошо

Похожие видео