Мыйзамсыз чечим чыгарган соттор дагы эле элди соттоп жатат
Кечээ күнү Бишкекте президенттин төрагалыгы астында Сот реформасы боюнча кеңештин үчүнчү жыйыны болуп өттү. Биринчи эки жыйынды Сооронбай Жээнбеков былтыр 17-майда жана 27-декабрда өткөргөн. Президенттин айтымында, канча каражат бөлүп, техника алып берсе дагы, негизги маселе соттордун өздөрүнүн чынчылдыгы жана абийири менен байланыштуу. Бул маселе чындап эле маселелердин маселеси. Бир аз эле мурда акылга сыйбаган чечимдерди чыгарып келген соттор азыр деле эч нерсе болбогонсуп иштеп, жарандардын тагдырын чечип жатат, алар жазаланмак турсун, азыр реформа да жүргүзүүдө. Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти бала бакча боло турган имаратты сот аркылуу тартып алып, ага Биринчи май райондук сотун киргизип салды. Ошол Биринчи май сотунда кеминде эки сот бар – Алмаз Калыбаев менен Венера Жаныбек кызы – алар 2017-жылы «Ак үйдүн» буйрутмасын аткарып, «Заноза» сайтын соттоп салган жана эч нерсе болбогонсуп, азыр иштеп жатат. Мындай шартта кайдагы чынчылдык менен абийир болсун? Жогорку соттун төрайымы болсо – сот жыйындарын видеого жаздырууну биз биринчи баштадык, дүйнөдө мындай жок дегенсип мактанат. «Мына, азыр биздин пландарыбызда – биз келе жаткан жылдарда, биз уже тендер жарыялаганбыз, азыр келе жаткан жылдарда, 2020-жылда биз бардык аймактарды камсыз кылабыз. Азыр ошол тендерлер жарыяланып, эми ошондой жабдуулар алынат, коюлат. Бирок, мен ошол Европада деле болгом, өнүккөн өлкөлөрдө, ошол эле Австрия-Германияда, ал жерде жок экен андай видеофиксация. Мен таң калдым», – деди 9-декабрда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Бирок Австрия же Германиянын соттору мындай видеофиксацияга муктаж эмес, алар чечимдерин мыйзамга ылайык чыгарса, аны видеого жазып, текшерип кереги эмне? Кыргыз соттору акчага сатылып же өйдө жактан келген буйрутмаларды аткаргандыктан алар өткөргөн жыйындарды видеого жаздырып, текшерүү үчүн эл аралык уюмдар Кыргызстанга миллиондогон жардам көрсөтүп, ошондой системаны киргизүүгө аргасыз. Калиева бул сөздөрүн – Сот реформасы боюнча кеңешинен бир күн мурда, мурдагы күнү Кыргыз сотунун 95 жылдыгына арналган салтанат учурунда айткан. Жана ушундай салтанаттуу жыйындар дагы – маселенин баары чечилип бүтүп, бардык керектүү реформалар ишке ашып, коомдо акыйкаттык орноп калгандыктан, эми сыйлык тапшырып, шампан ичүү гана калгансып уюштурулуп жатканы дагы кызык. Ошол эле салтанттуу жыйын учурунда Жогорку соттун төрайымы – соттор асмандан түшүп келген жок, алар деле адам, алардын деле туугандары бар, ошондуктан кээде ар башка чечимдер кабыл алынып калып жатат деп сүйлөдү. Бирок мындан 11 ай мурда Жогорку кеңеште жаңы кодекстердин ишки кириши менен байланышкан маселе талкууланганда Калиева – өзү асмандан түшкөнсүп сүйлөгөн. ЖК депутаты Мыктыбек Абдылдаев: «Эки жыл убакыт болду. Эки жылда сиз ушунун баарын көрүп коюшуңуз керек эле. Даярдап, бүгүн айтыш керек эле... А сиз антип күлүп отурганыңыз да болбойт...» Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева: «Мен кызматка төрт ай болду киришкениме, Мыктыбек Юсупович, белгилүү болсо сизге».