Нарын Айып акыйкатты айтты. #кеп_ошондо #Бешинчи_канал HD

18.07.2019
Текебаевдин иши каралбай жатканы – бийликтин күчүбү же бошоңдугубу? Кеп ошондо 17.07.2019 #kep_oshondo Бешинчи канал #кеп_ошондо Кечээ күнү Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча караш керек эле. Бирок Нургүл Бакирова төрайымдык кылган коллегия ишти 21-августка калтырды, анткени соттор иш менен таанышып чыга элек экен. Коллегияга судьялар Болотбек Акматов жана Аскат Сыдыков да кирген. «Биздин адвокаттар берген убакыт 3 ай – 4 ай мурун берилген. Жаңы жагдайлар боюнча прокуратурага 5 ай мурун берилген, бирок дагы 1 ай бизге убакыт керек дегени бизге түшүнүксүз болуп атат, анын себептерин биз билбей атабыз, бирок сот ушундай чечим чыгарды», – деди кечээ күнү ЖК депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов. Текебаев жана Чотоновдун тарапташтарынын нааразылыгын түшүнсө болот. Бул иштин акы-чүкүсүнүн баарын соттор гана эмес, карапайым дыйкандар деле билет жана түшүнөт, арыздар деле бир топ убакыт мурда берилген экен, ошондуктан канча көп томдон турса дагы, 4-5 айдын ичинде иш менен таанышып чыгууга соттордо убакыт жетиштүү эле болгон. Айтылган себеп – себеп эмес эле, шылтоо. Буга чейин бул ишти Жогорку соттун башка коллегиясы май айынын башында карап, мурда чыккан өкүмдү өзгөртүүдөн баш тарткан. Ал иш – 1-январдан тартып жаңы кодекстер ишке киргени менен байланыштуу пайда болгон жана маселени Жаныл Мамбеталы, Арзыбек Акыев менен Болотбек Батыралиев деген соттор карап, мурда чыккан чечимди өзгөртүүгө негиз жок деген өкүмдү 3-май күнү чыгарган. Албетте, соттор ар бир иштин материалдары менен кылдат таанышып чыгыш керек, антпесе туура эмес чечимдер чыгып кетиши мүмкүн, бирок Текебаев менен Чотоновдун иши атайылап создуктурулуп жаткандай, анткени сот реформасына сот системасы өзү каршы чыгып жаткан сыяктуу. Соттордун башында мурдагы эле жеткечилик, ар бир сотто мурдагы эле судьялар иштеп жатканын эске алсак, баары түшүнүктүү болот. Ошондуктан, Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева же шаардык жана Жогорку соттун судьяларына каршы ачылган кылмыш иштерин – жалпы саясат эмес, анын чегинен чыгып кеткен окуя деп түшүнүш керек ко. Саясий туткундар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Бекболот Талгарбековдун бошотулушу дагы ошондой таасир калтырат, анткени андан ары жылыштар жок. Былтыр февралда Коопсуздук кеңешинде – тартип коргоо органдары менен соттор өздөрү коррупциялашкан деген президенттин сүйлөгөнүнөн кийин андан аркы талаптуу кадамдар жасалбай калды. Ошол эле сөзүндө президент – иштерди кароону соттор негизсиз создуктуруп жатат деген, бирок Текебаевдин иши дал ошентип создуктурулуп жатат. Ал үчүн айрым эксперттер президенттин командасын күнөөлөйт: «Сооронбай Жээнбеков менен иштеген команда бошоң, тажрыйбасыз, алысты корө албаган адистер болуп жатат. Мисалга, биз былтыр ноябрда эле элдик курултай өткөрүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кылмыш жообуна тартыш керек деген чечим кабыл алганбыз. Бирок Сооронбай Жээнбековдун жанындагылар ошол коомдук талапт

Похожие видео

Показать еще