Токмоктон каза болгон 26 жаштагы жигиттин атасы тергөөчүнү жумуштан кетишин талап кылат
Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын 26 жаштагы тургуну Нурболот Камчы уулу 9-сентябрь күнү коңшу досунан жеген келтегинен улам каза болгон. 8-сентябрь күнү коншу айылдагы досунун тоюна барып, Шайлообек аттуу досу экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруша кетишип, Нурболоттун баш сөөгүнө жарака кетип, мээсине кан уюп калган. Энеси Айнура Асанова баласы тойдон келип жыгылып калдым деп жашырганын айтат. “ Уулум 5-ноябрда 26 жашка чыкмак. Оштогу окуу жайлардын биринде окуп жатканда, карындашы да окууга тапшырып калды. Айлыкка иштеген үй-булө болгонубуздан, эки студентти каржылоо кыйынга туруп калды. Ошондо балам, “апа, карындашымды окута бериңиздер, мен сиздерге жардам берейин” деп, сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып коюп, Питерге иштегени кеткен эле. 3 жыл бир жерде жумушта иштеп жүрдү. Былтыр келгенде үйлөп коелу десек, жумушум жакшы болуп жатат деп кайр кетип калды. Быйыл, айылыбыздагы бир үй-бүлөнүн кызына алдыларынан өтүп, кудалашып анан балабызды чакырдык. Эки-үч ай чакыртып жатып, 26-августта келди. 8-сентябрь күнү дос баласынын тоюна кеткен. Кечки саат алты чамасында, коңшумдун үйүнөн келсем, балам тапчанда жатыптыр. Баш жагына барып карасам, маңдайы кичине шишип калыптыр. “Балам, эмне болду” десем, “ кафель сыйгалак экен, ошого сыйгаланып жыгылып түштүм” деди. Бут кийиминин астын карадым, сыйгалак эмес. Башына муз койдум, кийин өзү туруп барып муз алып келип койду, башындагы шишик кайткансып калды. Өзүнүн бөлмөсүнө кирип жатты, колунан кармасам муздактай, сурасам, грипп болуп калган окшойм деди. Эрте менен туруп, кордо жасап алып кирип, тургузуп ичирдим. Ичип бүтүп эле шылк жатып калды, дагы уйкуга кетти. Ошондо эле, бас деп эле ооруканага алып бара койсом өлбөй калат беле деп өмүр бою арман болуп калат эми. Бир кирсем аз-маз кусуп ийди, дароо жолдошума айттым. Күйөөм тез жардам кызматында иштеп жүрүп, диагноздорду билет да, бул дароо “ баш мээнин чайкалуусу” деди. Жолдошум жолго чыга койсо, баламдын бир досу өтүп баратыптыр. Токтотуп, кечээ эмне болду эле десе, Шайлообек экөө урушканын айтыптыр. Мен дароо Шайлообектин үйүнө барсам, уктап жатыптыр. “Эмне талаштыңар, эмнеге мушташтыңар” десем, балаңыз “ кыздардын сумкасын көтөрбөй эле койчу” деди деп болбогон эле сөздү айтты. Досуңду азыр ооруканага алып барабыз, мээси чайкалыптыр, телефону да жок таап койгула” дедим да үйгө чуркадым. Келсем балам уктап жатыптыр, баарыбыз эле уктап турса айыгып кетер дедик. Себеби, башка эч жери көгөргөн эмес болчу. Үйгө келин алабыз деп, уста салган элек. Бир үйүбүздүн полун жууп жатсам эле, саат 12 лер чамасында баламдын кырылдаган үнү чыгып калды. Чуркап кирип эле, атасы жүрөгүнө массаж жасады, мен башынан кармап отурдум. Баламдын көзүнөн жаш агып туруп эле, оозунан көбүк чыгып, бир сөзгө келбей эле кете берди. Балам өзү да бир шишиктин айынан эле өлүп калам деп ойлобосо керек эле.”,-деп айтып берди Айнура Асанова Атасы Камчы Мурзаев урган баланын кылмышын жеңилдетүү максатында тергөөчү менен соттук-медициналык экспертиза акча