АЛАЙДА 32 жаштагы МИЛИЦИЯНЫ мыкаачылык менен ӨЛТҮРҮП, ДЕНЕСИН СУУГА ЫРГЫТКАН маркумдун досторубу..? HD
Кечээ, 28-январда Алай районунун Кыркол айылында Гүлчө дарыясынан денеси табылган адам милиция кызматкери экени аныкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди. Ош ОИИБдин маалыматына караганда, кечээ саат 16:30 чамасында Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Кыркол айылынын аймагында Гүлчө дарыясында 30-35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн. Жансыз денени ӨКМдин кызматкерлери алып чыккан. Ал Алай РИИБдин 32 жаштагы участкалык кызматкери Э.Н. экени аныкталды. Денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда башынын аркы тарабында 4 жеринде, оң кулагынын үстүндө, оң колунда жана бел тарабында жаракаттар бар экени байкалып, адам колдуу болгону белгилүү болгон. Бул кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Ош ОИИБдин жана Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, Алай районунун Буудалык айылынын 54 жаштагы тургуну О.Э., 32 жаштагы тургуну Ч.И. жана 31 жаштагы С. уулу Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмышка шектүү 31 жаштагы адам мурда Россияда каракчылык боюнча соттолгон. Каза болгон кызматкер 2021-жылдын 28-январь күнү эртең менен жумушка барган эмес. Мындан улам жетекчилиги издей баштаган. Издеп жаткан учурда денеси табылган. Айрым массалык маалымат каражаттарында «2 күн жумушка барган эмес» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Маркум 2020-жылдын 27-январь күнү саат 21:00гө чейин жумушта болгон. Жумуш убактысы бүткөндө үйүнө кеткен. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркум жумуштан кийин жакын санаалаш таанышынын туулган күнүн белгилөөгө барган. Тааныштары мас абалда болгон. Милиционер ичкен эмес. Ошол учурда өз ара сөз талашып, сыртка чыгып мушташып кетишкен. Анын кесепетинен милиционер Э.Н. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Андан кийин алар кылмыштын изин жашыруу максатында маркумдун денесин унаага салып барып, сууга агызып жиберишкен. Окуя болжол менен түнкү саат 03:30-05:30 аралыгында болгон. Кылмышка далил буюм катары денени салып келген «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы алынып, тергөөгө өткөрүлүп берилген. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн. #Баткен #Жаңылыктар #Кыргызстанжаңылыктары #Бишкек #Новости #Контрабанда #Чекара #Кыргыз #БаткенДеми #Ютуб #Биздинканалгакатталыңыздар Биздин каналга катталып, комментарий калтырыңыздар урматтуу интернет колдонуучу. Алдын ала рахмат.