Базар-Коргондо жылуу мамилелеш эки тургун айылдашын өлтүрүп, өрттөп жиберишкен HD

03.10.2018
Базар-Коргон районунда жылуу мамиледеги эки тургун 62 жаштагы айылдашын ээн талаада өлтүрүшүп, бензин чачып, сарай менен кошо өрттөп жиберишкен. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга сарай өрттөнүп кеткендиги тууралуу жергиликтүү тургундардан кабар түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн учурда сарайдын ичинен адамдын жансыз күйгөн денеси табылган. Ички иштер кызматкерлери жансыз дененин өздүгүн аныкташып, каза болгон адам ошол айылдын тургуну болуп чыгат. ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында Базар-Коргон РИИБдин Криминалдык милиция кызматы оперативдүү иликтөө иштерин улантып, күйүп каза болгон тургун киши колдуу болгонун аныкташкан. Бул кылмышка шектүү делип эки тургун кармалып, алар өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Базар-Коргон районуна караштуу Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба айылынын тургундары 1964-жылы туулган Калбатыр жана 1981-жылы туулган Минура өз ара сүйлөшүп алышып, быйылкы жылдын 25-сентябрынан 26-сентябрга караган түнү 62 жаштагы Мамарасул аттуу жаранды өлтүрүүнү көздөшкөн. Алар аны үйүнө чакырышып, колу-бутун байлашып, аны жардан кулатып жиберишкен. Ал ошол жерде эле жан берген, андан соң экөөлөп сай жээгиндеги сарайга алып барышып, буту-колу таңылган абалда таштап кете беришкен. http://www.turmush.kg/news:353098?from=turmush&place=nowread

Похожие видео