Жанылыктар. Дүйнө сулуусунун өлүмүнө себепчи болгон адам эркиндикке чыкты HD

13.08.2018
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал! 1. Бишкектеги Исанов көчөсүндө 10-августта болгон жардыруу боюнча “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, милиция бул кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө ишин жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек. 10-августта Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарылуу болгон. Бул орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылган. Интернетте окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма тарады. Анда ал үйгө орусиялык ишкер Александр Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот. Андан Гайдуков жеңил жараат алган. Бул адамга былтыр да дал ушул үйдүн алдында кол салуу болуп, бирок кылмыштын бети ачылган эмес. 2. Алай районунда жүк ташуучу унаа 80 метр бийиктиктен кулап, 39 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады. Аталган окуя 12-август күнү саат 9:30дарда болгон. Унааны Талды-Суу айылынын тургуну башкарып бара жаткан. Алдын ала маалымат боюнча ал рулга ээ боло албай калган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүүлүдө. 3. Жол кырсыгында каза болгон «Дүйнө сулуусу» Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева кылмышка шектүүнү сот үй камагына чыгарып салганына нааразы болууда. «Жол кырсыгына күнөөлүү 2-июнда камакка алынган. Бирок, жакында эле биз анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп сотко кайрылганын билдик. Сот аны үй камагына чыгарыптыр, анын себеби ден соолугуна байланыштуу экен. Акыректин жаракаты олуттуу оору эмес», — деди ал. Насипа Мамбеталиеванын айтымында, сот күнөөлүүнүн жаш балдары бар экенин эске алган. «Бирок, Саниянын дагы жаш балдары калды. Эмнеге сот аны эске алган жок? Ал кылмыш жасады, мас абалында катуу ылдамдык менен унаа башкарган. Ар бир айдоочу өзү жана жүргүнчү үчүн жооптуу», — деди Сания Шакирванын апасы.

Похожие видео

Показать еще