КЫЯЛДАН! l Кыялдангандар да КЫЯЛДАНБАГАНДАР да көрсүн! l МОТИВАЦИЯЛЫК ВИДЕО! HD
Ассалам алейкум, укчу тууганым! Мен сага бир нерсе айткым келди. Бул нерсени көпчүлүгүбүз унутта калтырабыз. Мүмкүн мен айтчу нерсе сен үчүн абдан маанилүүдүр. Ошондуктан мени кунт коюп угуп тур! Мен сага айткым келген нерсе, КЫЯЛДАН! Бала кездегидей чын жүрөгүң менен кыялдан! Сага эч ким «Кыялдар орундалбайт» деп айтпагандай кыялдан! Бул жалган! Кыялдар орундалат! Эгер кыялдарың сеники болсо эле орундалат! Эгер сен ишенсең эле орундалат! Эгер сен кыялдарга карай аракет кылсаң эле орундалат! Кыялдан! Кыялдар адамды шыктандырат, адамга мотивация берет жана аракетке карай түртөт. Кыялдар сени керебеттен тургузат, энергияларыңды толтурат. Кыялдар сени бактылуу кылат. Анткени сен жаман нерселерди кыялданбайсың. Кыялдар сага канат болот! Кыялдан! Кыял – бул сен аракет кылчу вектор. Ишеним менен кыялга карай аракет кылуу – бул сенин максатың! А максат деген так. Ал сени багыттайт. Кыялдануунун өзү – ошол кыялыңды ишке ашырууга карай ташталган алгачкы кадам. Чоң иштердин көпчүлүгү кыялдануу менен башталган. Кыялдарсыз сенин көздөрүң көрө албайт. Сен кайсыл жакка аракет кылууну билбейсиң. Кыялдан! Түшүнүп жаша! Жашоону толук жаша! Кыялдан! Дал ушул кыялдар биздин жашообуздун маанисин толтуруп турат. Жөн гана бар болуп жүрө бербей, жашоону толук жаша! Биз бул жашоого жөн гана иштеп, эптеп өмүр өткөрүү үчүн келген эмеспиз. Биздин бул жашоого келүү максатыбыз башка. Кыялдан! Эч кимге караба! Өзүңдүн гана кыядарыңды кыялдан! Чоң болсун, кичине болсун ал сенин гана кыялдарың! Аны ишке ашыр жана сага баалуу болгон дагы башка нерсени кыялдан! Кыял артынан кыялдана бер! Жашоо ушундай, түшүнүп жатасыңбы? Сенден сураныч, кыялдан. Антпесең сен үчүн башкалар кыялданат. Бирок анда сен өз жашооңду жашай албай, башкалар үчүн жашашка мажбур болосуң жана кыялдар да өзүңдүкү эмес, башкалардыкы болуп калат. Сен ушуну каалайсыңбы? Ушул үчүн жашап жатасыңбы? Укчу, тууганым! Токто. Шашпа. Чуркаба. Кыялдарсыз баары бир эч нерсеге жетише албайсың. Кыялдарсыз кайда чуркоону да билбейсиң. Убактыңды кетирбе! Эч качан убакытыңды кетирбе. Анткени учурда сенде бар болгон эң баалуу нерсе сенин убактың. Токто. Эмне тууралуу кыялданганыңды эсте. Анткени качандыр кыялдангансың. Чоңоём, ийгиликке жетем деп кыялдангансың. Маанилүү, белгилүү адам болом деп кыялдангансың. Аалым болом, окумуштуу, сүрөтчү, врач болом деп, белгилүү спортсмен, космонавт болом деп кыялдангансың. Дүйнөнү кыдырып чыгам, бир канча ачылыштарды жасайм, шедевр жаратам, ысымымды тарыхта калтырам деп кыялдангансың. Же болбосо кантип экенин билбесең да жөн гана бактылуу болом деп кыялдангансың. А анан чоңойдуң да эмнегедир кыялданууну токтотуп салдың. Байкап көрсөң, бул жашоону кыялкечтер куруп жаткандай. Адамдар кыялдарына ишенбей акмак дешкен акылсыздар куруп жаткандай. Аларга адамдар айтышкан, «Эй келесоо бул мүмкүн эмес, ташта, олуттуу жумуш менен алектен» дешкен. Бизге учурда адат болуп, өзгөчө деле сезилбеген «селфи» качандыр-бир мезгилде кимдир-бирөөнүн кыялы болгон. Кимдиндир акылга сыйгыс фантазиясы болгон. Кимди
Похожие видео
Показать еще