Үйүңүздү жылуулоого жана жылуулукту сыртка жоготпоого жардам бере турган оңой жолдорду көрсөтөбүз HD
Жай мезгили кызуу жүрүп жатат, демек үйүңүздө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө жана үйүңүздү колдо бар каражаттар менен жылуулоого мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Кыш жакындап калды, аны менен бирге шаарыбызды ыш да каптайт. Бул видеодо үйүңүздү жылуулоого жана жылуулукту сыртка жоготпоого жардам бере турган арзан жана оңой жолдорун көрсөтөбүз. Сиз жылытууда гана үнөмдөбөстөн, атмосферага зыяндуу болгон эмиссиянын да санын азайта аласыз, башкача айтканда ден соолугуңузга кооптуу аба менен дем албайсыз. Базар баалары дайыма өзгөрүүдө, мындан улам сиз ар кандай баада чөнтөгүңүзгө жараша материалдарды жана кызматтарды таба алаарыңызды эскертебиз. Бул видеодо орточо баалар жана эсептөөлөр көрсөтүлгөн. Видео Америкалык кеңештер тарабынан башкарылып, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланган "ковид-19 таасиринен экономикалык калыбына келүүнү колдоо жана ковид-19дун ден соолукка коркунучун азайтуу" долбоорунун алкагында иштелип чыккан. #MoveGreenkg #БишкекСмог #ВоздухвБишкеке #BreathLife #AirPollutionVShealth #kyrgyzstanusgalumni #USEmbassyKG #AmericanCouncilsKG #SAGKG #ExchangeAlumni @movegreen.kg @movegreen.kg @movegreen.kg