Тыныбекова: Дүйнөлүк чемпионатта уялганыман, өжөрлүк менен эле жеңип чыктым HD

09.10.2021
Айсулуу Тыныбекова: Акыркы бир айда жакшы даярдана алган эмесмин. Дүйнөлүк чемпионатта уялганыман, өжөрлүк менен эле жеңип чыктым. Биринчи мелдеш кыйын болду. Жандүйнөм, булчуңдарым ооруп турган, батыраак бүтсө экен деп жаттым. Режим кармабагандыктан салмагым да түшүп жатты. Бир ай спорт режиминен чыгып кетсең кыйын экен. Жаңылыштык, коркунуч болгон жок. Адам ичинен өзүнө ишенсе баарына жетет, ишеним болбосо күчтүү болсо да жеңе албайт. Мындан кийин машыга берем, бирок жандүйнөнүн тынчтыгын каалап турам. Алдыдагы Олимпиадага даярданышым керек. Кыргызстандыктар Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон спортчулардын алгачкы тобун тосуп алышты. Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыз балбандары эки алтын, бир коло, эркин күрөштөн бир күмүш, бир коло байгеге ээ болушту. Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), күмүш байгени эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 кг), коло байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), эркин күрөштөн Алибек Осмонов (65 кг) алды. Бүгүн, 9-октябрда грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшөт. Бул күнү аталган күрөштөн Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67 кг) килемге чыгат. Мелдеш 10-октябрда аяктайт. Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын 15 балбан барды. Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды. _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще