Аялдар эмне үчүн көп сүйлөйт? HD

08.08.2020
Келиңиз, “Эмне үчүн аял киши көп сүйлөйт?”-илимий-логикалык багыттан карап көрөлү. Илимий изилдөөлөргө караганда эненин курсагындагы кыз ымыркайлардын эркек ымыркайларга караганда оозу эки эсе көп кыймылдайт экен. Ооба эки эсе көп. Француз антропологу Пол Брок изилдеп чыккан “Брок борбору” деп аталган мээнин оң жана сол шарларында жайгашкан, сүйлөө речин камсыздаган мээнин аймагы аял кишилерде эркектерге караганда өтө жакшы өнүккөн. Натыйжада эркек унчукпоо менен ойлонсо аял сүйлөп ойлонот. Б.а. ойлогон оюн заматта айтып турат. Эркек үчүн сүйлөө бул маалымат берүү болсо а аялдар үчүн сезимдерин бөлүшүү. Эркек киши кайгырганда унчукпай калса аял киши тескерисинче көп сүйлөп кайра жеңилдеп алат, атүгүл сүйлөгөндөн рахат алат. Бул илимий ачылыштардын баары ушуну далилдейт. Демек аял кишинин көп сүйөөсү бул-аял кишинин табиятынан экен. Кудум кээ бирки шоколаддын курамында шекер көп болгондой эле, Аялзатынын курамында да “көп сүйлөө”-деген элемент көп экен. Дагы да тагыраагы, ток этээри Аллах ал назик заттарды ушундай кылып, көп сүйлөй турган кылып жаратыптыр. А Пайгамбарыбыз САВ бул көп сүйлөо маселеси боюнча эмне дейт? Аялы көп сүйлөгөн кезде Пайгамбарыбыз САВ бизге окшоп “Жап жаагыңды!”-дейт беле? Келиңиздер карап көрөлү. Бир күнү Пайгамбарыбыз САВ үйүнө маанайы жок келди. Аны Айша энебиз жылмайып тосуп алды. Пайгамбарыбыз САВ Айшаны кетирбей жанына олтургузда да мындай деди: Стоп! Кое туруңуз, сиз кандай ойлойсуз, Пайгамбарыбыз САВ Айша энебизге эмне деши мүмкүн. “Маанай жок, бол тамак алып келчи”, же “Дагы деле тамагың даяр болбодубу?”-деп кагып силктиби? Кандай ойлойсуз? Пайгамбарыбыз САВ Айша энебизди жанына олтургузда да, тарыхта алтын тамга менен жазылып калган ушул сөзун айтты: “Оо менин Айшам, сүйлөчү, жеңилдеп, эс алайынчы сени тыңдап!”. Ооба менин бир тууганым, Ааламдын мырзасы Пайгамбарыбыз САВ мына ошондой деди. Оо Айшам сүйлөчү, сени тыңдап эс алайын!... Айша энебиз болсо эмне жөнүндө сүйлөдү деп ойлосуз. “Үйдө азык түлүк жок, менин көйнөгүм эскирди качантан бери жаңы көйнөк ала элекмин, эмнеге кеч келдиң, ким менен жүрдүң, мени алдабай элесиңби?”-деген сыяктуу азыркы күндүн слоган сөздөрүн айттыбы? Айша энебиз Пайгамбарыбыз САВды карап, Аллах Тааланын Мээримдүү Ырайымдуу экенин, Пайгамбарыбыз САВдын жумшактыгын, дүйнөнүн өтүүчү болгондугун айтты. Ал сүйлөгөн сайын Пайгамбарыбыз САВ жеңилдеп, эс алып, жүзүндө жылмаюу пайда боло баштады... Соңунда Аллахка шүгүрлөрдү айтты. А азыр болсо “Сүйлөчү, бир эс алайын”-деген пайгамбардын биз үммөтү “Жапчы жаагыңды эс алайын!”-деген абалга келдик. Эмне үчүн? Жообу оңой эле. Болгону биз эркектер сөз түрүндө эле Пайгамбарыбыз САВдын үммөтү болуп калдык. А жашоодо напсинин үммөтүбүз. Куранда Аллах Таала: “Чындыгында, силер үчүн, Аллахты, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эске алгандар үчүн да, Аллахтын элчисинде көркөм өрнөктөр бар” (Ахзаб 21)-деп айтканын канча жолу уксак дагы амал кылбайбыз. Ошондуктан аялдарыбыз тараптан одоно тил менен айтканда “мээбиз желинип” атат. Жазаны аялдарыбыз

Похожие видео

Показать еще