Саясат тууралуу ким сүйлөй алат? - Шейх Ибн аль-Усеймин
Шейх Мухаммад Ибн Солих Аль-Усеймин айтты: (Аллах аны Өз ырайымына алсын) Саясат тууралу сүйлөө — карапайым элге тиешелүү эмес. Бийликтин иштерин жана кылган саясатын жөнөкөй элдер кеп кыла бергени туура эмес. Себеби, саясаттын өзүнүн адистери бар, ал эми идиш аяктын – өзүнүн адистери бар. Эгер карапайым элдин тилдери саясатка аралашса – иш чатак болот. Себеби, жөнөкөй адамдын билими, акылы жана кыраакылыгы жетишсиз. Ошол себептен ал бир кадамдан наркысын көрө албайт. Буга Аллах Тааланын мындай сөзү далил болот “Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды изилдөөгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак” (Куран, ан-Ниса 4:83). Бул аят, карапайым адамдардын бийлик ээлерине теңеле албаарына ачык далил. Ошондуктан саясат маселелерин жалпы коомчулука алып чыгыштын кажети жок. Ал эми, кимде ким бийлик жүргүзгөн ишке же саясатка карапайым элдин кийлигишүүсүн кааласа — анда ал терең адашууда, жана сахабалардын, алгачкы төрт Халифтин жана Салафи Солихтердин жолунан чыгып кеткендигин көргөзөт. ❓ СУРОО: Урматтуу шейх, кээ бир чогулуштарда адамдар саясат тууралуу коп суйлошот. Аларга андай нерсенин жакшы эместиги эскерилсе, алар жооп беришет “Саясат – бул динден” деп. Анысы аз келгенсип, айрым учурда алар ушакка дагы кирип кетишет. Бирок, алардын чогулуштары Аллахтын зикри менен коштолот. Айтсаңыз, сиздин оюңузча мындай чогулуштарга катышса болобу? ❗️ ЖООП: Менимче, карапайым элдин саясат жөнүндө сүйлөгөнү туура эмес, себеби саясаттын өзүнүн адистери, билермандары болот. Алардын колунда бийлик жана өкүм чыгаруу бар. Ал эми карапайым элдин арасында саясий маселелерди талкуулоо, бул – Салаф Солихтердин жолуна каршы келет. Мисалы Абу Бакр жана Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах алардан ыраазы болсун), эч качан өздөрүнүн саясый иштерин эл арасына жайган эмес. Алар өздөрүнүн жүргүзгөн саясатын балдарга жана карыларага, акылдууларга жана акылы жокторго билгизбей эле жасашкан. Себеби, саясат андай жол менен алып барылбайт. Чынында, саясатты иштин көзүн билген адистер алып барышы керек. Себеби, ал нерсе сырткы жана ички иштер менен байланышы бар. Бирок, бул жөнүндө көпчүлүк адам биле бербейт. Ошол үчүн, жаштар болобу же улуу муундун кишилериби, мындай пайдасы жок куру сөздөргө убактысын кетирбей эле койгону жакшы. Мисал катары айтсак, бир адам ката кетиргендей бизге көрүнүшү мүмкүн, бирок, чындык ал тарапта болуп калышы ыктымал, себеби биз билбегенди, ал билди. Бул ачык айкын эле көрүнүш. Саясатты сүйлөгөн карапайым адамдардын көбү эч бир негизи жок, жалган нерселерге гана таянып тыянак чыгарышат. Чынында, ал, жөн эле өзүнүн оюна таянып, сүйлөгөн божомол сөз. Мына ушундай абал илимдин жоктугунан келип чыгат. Бул тууралу Аллах Таала мындай деп айтты “Өзүң (анык) билбеген нерсени ээрчибе! Чынында, кулак, көз жана жүрөк — ушулардын баары (Кыяматта)