СҮЙЛӨМДҮН БЫШЫКТООЧУ HD

08.08.2020
Бышыктооч. Бул сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүнүн бир түрү. Сүйлөмдө кыймыл-аракет менен ажырагыс байланышта келип, анын себебин, максатын, сын-сыпатын, мезгилин, сан-өлчөмүн билдирип турат. Мисалы: Ал акырын сүйлөдү. “Сүйлөдү” деген кыймыл-аракеттин кандай экендигин ачып көрсөтүп, сын-сыпатын билдирип, “акырын” сөзү бышыктооч болду. Ал кандай сүйлөдү? Ал акырын сүйлөдү. Кечээ майрамдык кече болду. Сүйлөмдө “болду” сөзү кыймыл-аракет, анын болуп өткөн учурун, мезгилин “кечээ” сөзү айкындап турат. Майрамдык кече болду. Качан болду? Кечээ болду. Демек “болду” кыймыл-аракетинин мезгилин билдирүү менен “кечээ” сөзү бышыктооч болуп түштү. Ал дүйнө адабиятын көп окуган. “Окуган” кыймыл-аракет, бул кыймыл-аракеттин канчалык экендигин, санын “көп” сөзү билдирүүдө. Канча окуган? Көп окуган. Демек бышыктооч. Ал борборго билим алуу үчүн жөнөдү. “Жөнөдү” кыймыл-аракет. Суроо: Эмне үчүн жөнөдү? Билим алуу үчүн жөнөдү. “билим алуу үчүн” сөз айкашы “жөнөдү” кыймыл-аракетинин себебин, максатын туюндуруп, бышыктоочтук милдетти аткарды. Космоско дагы бир спутник учурулду. “Учурулду” кыймыл-аракет, ал эми анын ордун билдирип “космоско” деген сөз катышууда. Кайда учурулду? Космоско учурулду. Бышыктооч. Дагы кайталайбыз: Эгерде сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин ордун, сан-өлчөмүн, мезгилин, сын-сыпатын, себеп-максатын билдирип турган сөздөр болсо, алар бышыктооч болуп саналат. Ошонун негизинде формалдуу түрдө төмөнкүдөй суроолорго жооп болуп түшөт: кантип? кандайча? кандай? канча? нече? канчанчы? неченчи? канча жолу? канчалап? качан? качандан бери? кайсы убакта? кайсы маалда? кайда? кайдан? каерге чейин? каякка? эмнеликтен? эмне үчүн? эмне себептен? эмне максатта? эмне максат менен? кандай максат менен? 1. Шаарды көрктөндүрүү максатында гүлдөр тигилди. 2. Өз ишин так аткаргандыгы үчүн чоң сыйга ээ. 3. Тоолордо дагы да болсо кар жаап жатты. 4. Үч ай мурда алыскы сапага аттанган эле. 5. Жаманга кашык сунсаң, беш уурттайт. 6. Эски досун көрүп, жаш баладай сүйүндү. СҮЙЛӨМДҮН АНЫКТООЧУ: https://youtu.be/Bk9ZOWFXliA _ СҮЙЛӨМДҮН ЭЭСИ https://youtu.be/x0x1i2iwMQI _ Мыкты презентация жасоо, анын оптималдуу жолдору тууралуу видеосабактар: https://www.youtube.com/watch?v=cR777... _ Кыргыз тилинин башка сабактарынын видеотизмеги: https://www.youtube.com/watch?v=IBp-Y... _ Аналогиялар, окуп-түшүнүү тууралуу сабактардын тизмеги: https://www.youtube.com/watch?v=6-vCs... _ Сүйлөм мүчөлөрү https://www.youtube.com/watch?v=wfmwf5VuRUA&t=63s _ Сүйлөмдүн баяндоочу https://youtu.be/cO2iEumhsOg _ #кыргызтили #бышыктооч #ЖРТ

Похожие видео

☝- САКАЛДЫ АРАЛАГАН КӨЗ ЖАШ❗ “Алмазбек Шаршенович Садыр Жапаровдун атасынын абалы оорлоп бара жатат” Түп районундагы Кең-Суу айлында Садыр Жапаров атасы Нуркожо Ажы ата жашайт. Илим билимдүү. Араб тилин суудай билип так жазган ата уулу Садыр, баласы Сабыр, неберелери камакта жаткандан бери абалы начарлап өзүн таштап жиберген. Ата-эне эч эч качан баланын запкысын тартпасын. Так ушул таптарда Нуркожо ата төшөктө жатып калган. Бир нече ай мурун биздин чыгармачылык топ барганда, Нуркожо атанын сакал аралашкан көз жашын көрүп баарыбыздын жүрөгүбүз эзилген. 84 жаштагы Ажы ата мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин атына бир дагы жаман сөз айтпай, “уулу Алмазды жаман дебеймин, көзүмдүн тирүүсүндө камактан чыгып кетсе болду. Садырдын камалышына мен күнөөлүүмүн, кайра- кайра кел деп чакыртып алдым болбосо Кыргызстанга келмек эмес эле. Алмазбек балама, ата катары ушул аксакалдык башым менен, алыстан ат арытып барсам эшигин сагаалатып кабыл албай койгонуна абдан өкүндүм! Кабыл алса аталык эле
12.08.2017
01:54

одноклассники
Показать еще