Ташиев: чек араны тактоодо жер алмашабыз, туура түшүнүңүздөр HD

18.02.2021
#Эркин_Маалымат #Ташиев #Кыргызстан Март айынын башында Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара боюнча мамлекеттик комиссия ишин жандантат. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Ташиев чек араны тактоодо жер алмашуу болорун, бирок аны түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген бир да чечим кабыл алынбай турганын баса белгиледи. "Бул жерден 10 жер алыш үчүн, аркы жагынан эки-үч жер бергенге туура келип атат. Муну силер туура түшүнүшүңөр керек. "Ата-бабам мал багып жүргөн жайлоо эмне үчүн өтүп кетти" деп чыкпай, сабыр кылып туруңуздар. Картаны, документти карап бир чечимге келебиз. Мисалы, Ала-Букадан жер берсек, анын ордуна Сузактан алабыз. Көбүрөөк жер алыш үчүн мамлекеттин бир ууч жерин беребиз. Баары биз ойлогондой боло бербейт, кээде коңшулардын көңүлүнө карап каласың", — деди Ташиев.Текст Спутник

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще