Кыргызстандан чыгарылган деген $700 млн тууралуу маалымат көп деле эмес HD
10-ноябрда Ыстамбулда теги уйгур кытайлык ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн. Кыргыз маалымат каражаттарында анын ысмы айрым кыргыз ишкерлери жана депутаттары менен байланыштырылгандыктан, 21-ноябрда атайын убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн жана бүгүн Жогорку кеңеште анын жыйыны болуп өттү. Ал байланыштарды иликтөөгө комиссия жете элек, бүгүн болсо «Азаттыктын», Ички иштер министрлигинин, УКМКнын, прокуратуранын, Финполдун өкүлдөрү маалымат берди. Алардын айтымында, Саймаити, анын жубайы жана «Абдыраз» фирмасынын атынан банктар аркылуу Кыргызстандан чет мамлекеттерге 2011-2017-жылдары $932 млн которулган, төлөнбөй калган салыктын көлөмү 6 млрд сомдон ашык, бул 86 млн доллардын тегерегинде. «Эркин Европа»/«Азаттык» радиолорунун Бишкектеги бюросу «Азаттык-медиа» деп аталат, ал 29-май күнү жарыялаган иликтөөдө 2011-2017-жылдары Кыргызстандан сыртка 700 млн доллар чыгарылган деп билдирген. «Чыгаруу» деген термин – кайсы бир бюджеттен мыйзамдуу болуп көрүнгөн ыкма менен мыйзамсыз акча которууну билдирет, бирок «Азаттыктын» бюросунун директору Айзада Касмалиева бүгүн – акча казынадан уурдалды деп биз айткан эмеспиз деди: «Жети жүз миллион доллар казынадан уурдалган деп иликтөөнүн эч бир жеринде айтылган эмес. Бул сабатсыз адамдардын гана бүтүмү болушу мүмкүн. 700 млн доллар – Финполиция же Финразведка айтып жаткандай, бул – «Дордой», же болбосо «Мадина», «Карасуу» базарларындагы ишкерлердики деп айтуу да туура эмес, биздин көз карашыбызда. Биз иликтөөбүздө ачык эле көрсөттүк, 700 млн акча – бул Оштон которулган». Депутат Талант Мамытов көп суроо берди, бирок алардын айрымдары так болгон жок. Экинчиден, бир сураганда бир нече суроо берилгенде, жооп берип жаткан адам алардын бирине гана, же ошол биринин кайсы бир бөлүгү менен байланышкан бир нерсе айтып кутулуп кете алат, уккандар жана суроо берип жаткандар болсо жооп берилди деп, канааттанып калат. Бүгүн да Мамытовдун айрым суроолору боюнча ошондой болду. «Өзбекстандагы «Азаттык», ошондой эле Тажикстандын «Азаттыгы» дагы жанакы акчаларды таможнядан уурдалган акчалар деп берген да кийинки учурда. Сизде да бул тууралуу маалыматыңыз бар. Силер, «Азаттык», баарыңар бир жерге баш ийесиңер да, бир жерден, ар бир мамлекетте болгондон кийин, бирок центриңер кайсы жерде жайгашкан? Кандайдыр бир маалыматтардын ортосунда тактоо силерде бир система иштейби-иштебейби?» – деп сурады депутат Талант Мамытов. Касмалиева – «Азаттык» үналгысынын түзүлүшү жана анын программалары канча тилде обого чыкканы тууралуу айтты, бирок эмне үчүн «Азаттыктын» казак, өзбек же тажик кызматтары жана, ошондой эле, «Азаттыктын» курамына кирген «Настоящее время» деген телеканал – ошол 700 млн долларды Кыргызстандан бир адам чыгарып кеткен деп билдиргенине токтолгон жок. Мамытов, андан тышкары, бул 700 млн кайдан чыккан акча деп да сурады: «Ошол эле «Азаттыктын» өзүнүн, өзүңүз айтып кеттиңиз, биз карап чыктык, сиз бүгүнкү күнү айттыңыз, акча каражаттар, бул мамлекетке тийешеси бар каражаттар деп атасыздар, ал эми ошол эле «Азатты