2018-жылы Кыргызстандагы банктардан сыртка 90 млрд. доллар чыгарылган

28.11.2019
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутат Таабалды Тиллаевдин: «Журналисттердин иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар кимдин каражаты?» - деген суроосуна «Ишкерлердин акчасы болушу керек, иликтөө жүрүп жатат», - деп жооп берди: - 700 млн.доллар - казынанын акчасы эмес. Бул бизнестин алакасындагы мамиле. Биздин аймакка Өзбекстандан келип башка жакка кетип жаткан болсо, банк өзүнүн кызмат акысын алышы мүмкүн. Кыргызстанда банк арзаныраак, либералдуу. Бекеринен Өзбекстандан келген акча башка жакка чыгып кетип жаткан жок. Муну этият айтышыбыз керек, бул өзү бизнеске тоскоол болот.

Похожие видео