Атамбаевге кылмыш иш козгоону талап кылган Байсалов Башкы прокуратурага жардам берем дейт HD
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал! Коомдук ишмер Эдил Байсалов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоону талап кылды. Бул тууралуу Байсалов “Азаттыкка” билдирди. Ал Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жалган маалымат бергенин өз иликтөөлөрүндө аныктаганын эске салды. - "Атамбаев 2002-жылы Түркиядагы бизнесин 45 миллиард түрк лирасына же 35 миллион долларга сатканын Башкы прокуратурага кайрылуусунда айтып берген. Бирок 45 миллиард лира ал кездеги курс боюнча 27 миң эле доллар экенин мен далилдеп бердим. Бул жөн гана арифметикалык ката аркылуу Атамбаев аны миллиондогон байлыгынын булагы катары көрсөтүүгө аракет кылган, - дейт Байсалов. Ошондуктан жарандык активист Атамбаевдин мүлкүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылып, элди адаштыруу максатында жалган маалымат таратканы үчүн, кылмыш жообуна тартылуусу керектигин талап кылууда. Бул үчүн Байсалов Башкы прокуратурага керектүү документтерди берүүгө даяр экенин кошумчалаган. Ал эми КСДП Байсаловдун бул билдирүүсү боюнча зарылчылык жок деген негизде комментарий берүүдон баш тартты. Былтыр, 5-апрелде президенттик сайтка, ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге 45 млрд. түрк лирасына, же ошол кездеги курс менен 35 млн. долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени кабарланган. Ошондон кийин коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөсүнө таянып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд. түрк лирасы 2003-жылы 35 млн. доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан эле. 12-апрелде президенттин басма сөз кызматы кайрадан кабар таратып, кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын долларга сатканы ырас экенин кайталап, 5-апрелдеги маалыматта “ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөр чаташып кеткени үчүн” кечирим сураган. Эдил Байсалов президент Атамбаевдин байлыгынын булагы тууралуу жалган маалымат таратканын айтып, аны текшерүү зарыл экенин айтып келет.
Похожие видео
Показать еще