ТЭЦ чыры: Тендер боюнча эки кылмыш иш козголду HD
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал! 1. Бишкек Жылуулук электр борборуна жабдыктарды сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев ЖЭБде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, козголгон кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген. Ал эми Кытай берген 386 миллион доллар насыяга байланыштуу козголгон кылмыш иштери четинен сотко жөнөтүлүп жатат. Эске салсак, былтыр кыш чилдеде ТЭЦ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ЖЭБди оңдоодо бир топ мыйзам бузуулар болгону, тендер өткөрүүдө жоболор одоно бузулганы жана насыянын бир тобу желип кеткени, сатылып алынган жабдуулардын баасы жогорулатылганы айтылган. Авария жана ЖЭБди оңдоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясын пайдалануу боюнча жалпы төрт кылмыш иши козголгон, бир катар жетекчилер камакка алынган. 2. Кыргызстанда ВИЧтин курмандыктары 1873кө жетти. Республикалык СПИД борбору билдиргендей, бул - өлкөдө ВИЧ жуктурган биринчи адам аныкталган 1996-жылдан ушул мезгилге чейинки аралыктагы көрсөткүч. Өлкөдө 2018-жылдын октябрь айына карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишини түздү. Анын 8137си Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан ВИЧ ылдам өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарында. Ооруну жуктургандардын көбү эркектер. 3. Чүй районундагы мектептерде иштеген мугалимдер менен техникалык кызматкерлерден акча жыйноо фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, быйыл Чүй облусундагы мугалимдер жана мектеп окуучулары Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча каражаттарын топтоп жатканы боюнча УКМКга кайрылышкан. Бул арыз текшерилип, натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик тескөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү", "Опузалап пара талап кылуу" беренелеринин негизинде иш козголду. Булак:Азаттык