Экс-спикер А. Келдибековго козголгон кылмыш иши четинен ыдыроодо.
ЖКтин экс-спикери Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иши ыдыроодо. Кечээ куну Бишкектин Биринчи Май райондук соту Акматбек Келдибековго байланыштуу бир эпизод боюнча кылмыш ишин токтотту. Ал Соцфонддогу коррупцияга байланыштуу. Ага кылмыш ишинин мөөнөтү аяктаганы жүйө болгон. Ал эми бугун Келдибековдун Мамлекеттик салык кызматында, Жогорку Кеңештин Москвадагы окулчулугун ачууда коррупциялык иштерге аралашкан деген эки эпизод боюнча соттук териштирүүлөрү улантылды. Бирок парламенттин окулчулугун ачуу боюнча кубөө катары суралган ЖКтин депутаттарынын бардыгы анын мыйзамдуу болгондугун билдиришкен. Ал эми салык кызматындагы коррупциялык иш боюнча аны далилдеген соттук-бухгалтердик экспертиза болгон да эмес. Демек эч кандай далил жок. Мындан улам соттук отурумда Ахматбек Келдибеков аны жеп койду деген миллиондорду далилдеген документти көрсөтүү боюнча өтүнүч келтирди. Ал эми адвокаттар ишти иликтеген тергоочу Сейитовду, кылмыш ишин козгогон экс башкы прокурор Аида Салянованы, фракциясы менен айып таккан Омурбек Текебаевди алып келүү өтүнүчүн келтиришти. Бирок ал четке кагылды. Иштин мындай жагдайы бүдөмүк ойлорго түртө турганын саясатчылар белгилешүүдө. Айта кетсек, А. Келдибековдун ишине тергөө жүргүзгөн Сейитов ага өзү келип, козголгон иш далилсиз экенин айтып моюндагандыгы туурасында аудио жазуу бар экенин сотто айтылды! Бул эмне деген шермеделик!... Видео материалдар дагы толукталат.