Кадамжайда өлтүрүлгөн окуучу кыз: Ата-энеси менен акыркы сүйлөшүүсү
ПОДРОБНЕЕ https://www.turmush.kg/news:476064 Буга чейин 4-сентябрда Кадамжай районунда 9-класстын окуучусун зордуктап, өлтүрүп кеткени кабарланган. 4-сентябрда Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош—Раззаков унаа жолунун 146-чакырымында өзүнүн малын багып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде белгисиз аялдын жансыз денеси жаткандыгын көрүп, «112» кызматына кабар берген. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз кыздын жансыз денеси табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну — 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталган. Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алсыз абалдагы адамды же баланы өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары — 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А.уулу С. кармалган.
Похожие видео
Показать еще