Ислам ядролук куралдар жөнүндө эмне дейт? HD

06.03.2017
2017 жылы 17 - февралда Би-би-синин баракчасында “Атомдук бомба адамдардын генетикасын бузуп жатат” деген макала чыкты. Макалада айтылышынча, СССР Казакстандын түндүк – чыгышында 456 жолу атомдук жардыруу менен сыноо өткөзгөн. Семипалатинскийде жайгашкан Жашыруун ядролук курал сыноочу жер өтө чоң аймакты камтыган, ал жерден алыс эмес жашаган адамдардын өмүрүнө өтө кооптуу коркунуч жаратып келген. Ал жерде сыноодон өткөрүлгөн ядролук сыноолор жергиликтүү калкка эбегейсиз терс таасирин тийгизип, миңдеген адамдардын генетикасын бузуп жиберген. Акыркы изилдөөлөргө караганда, ядролук куралды 40 жыл катары менен үзгүлтүксүз сыноолорунун натыйжасында, ошол доордогу адамдар эле запкы көрбөстөн, алардын балдары, неберелери жана чеберелерине чейин таасирин тийгизген. Алар радиациянын таасиринин кесепетинен айыккыс ооруларга чалдыгышкан. Советтик бийлик өкүлдөрү жергиликтүү казак элин, өтө кубаттуу жана өлтүрүүчү куралды сыноодон өткөрүүдө пайдаланган дегендер да бар. Бирок бүгүнкү Россия бул кылмыштуу айыпты четке кагып, жана ушул ядролук сыноолордон жапа чеккен казак элине компенсация да төлөгүсү келбейт. Аллах Таала мындай дейт : “Аллах жолунда (мал – мүлкүңөрдү) сарптагыла. Өзүңөрдү өз колуңар менен отко таштабагыла. Чындыгында, Аллах – жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт. (Бакара : 195) Уламаларыбыздын кээ бирлери ушул аяттын маанисинен келип чыгып, массалык кыргынга алып баруучу куралды жасап чыгаруу мүмкүн эмес деп айтышат. Эмнеге дегенде, ядролук куралдан адамзат эле жапа чекпестен, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү дагы жапа чегишет. Мындай бузгунчулук – Улуу Жаратуучу Аллах бизге аятта буйругандай, жакшылыка алып баруучу жол эмес. Мындан башка дагы, хадистерде келгендей, Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.с) колунда куралы жок тынч калкты, аялдар жана жаш балдарды, кары – картаңдарды өлтүрүүгө тыйуу салган. Ал эми массалык кыргын салуучу куралдар болсо – аскерлер менен кошо тынч калкты да кырып таштайт. Ислам таш боордук жана зордукчулука, жана ошондой эле жер шаарында эмне болсо баардыгын кырып жок кылууга үйрөтпөйт, тескерисинче боорукерлик, кайрымдуулука жана ырайымдуулука чакырат. Ислам жакшылыкты гана таркатат, Аллах жараткан баардык макулуктарга боорукер болууну үйрөтөт. Өкүнүчтүү болгон жери, мындай куралга ээ болгон адамдар, Кыямат Күнү Аллахтын алдында кылган иштеринен суралуусуна ишенишпейт.

Похожие видео

Показать еще