25 жыл бош айылга азан айткан киши HD
Балкан жарым аралдары. Македония. Журналисттер Рамазан айына карата атайын репортаж жасап келип калышат. Ал жерде жашагандарга үрп-адат, каада салт боюнча репортаж жасап атабыз. Сунуштай турган бирөө жарым барбы деп сурашат. Жергиликтүүлөрдөн бирөөсү: “Куманово жергесинде келесоо чалыш бирөө бар. Ошону тартсаңар болот.”-дейт. Журналисттер кызыгышып: “Кандайча келесоо чалыш”-деп сурайт. “Эч ким жашабаган айылга барып алып эле азан айта берет ал киши”-деп жооп беришет. Журналисттер ал кишинин жашаган даректерин алышат да Кумановону көздөй жөнөшөт. Бул келесоо чалыш деп сүрөттөлгөн киши Режеп Байрам болчу. Журналисттер Режеп Байрамга жолугушат. Биринчи эле суроосу “Сиз эч ким жашабаган айылга азан айтат экенсиз. Туурабы?”-дешти. Режеп Байрам: “Туура!”-деди. “Эмне үчүн?”-дешти журналисттер. Режеп Байрам айта баштады: “Биздин айылыбыз мусулмандардын айылы болчу. Мен кичинекей кезде бир түнү бизди айылыбыздан кууп чыгарышты. Апам бир колунда инимди көтөрүп алып, экинчи колу менен мени жетелеп алып токой аркылуу качып келип Куманово жергесине жайгашып калдык. Кийин Аллах насип кылып хафыз болдум. Күн өткөн сайын башымда бир суроо бар болчу. “Эмне үчүн тынч жашап аткан бизди айылыбыздан кууп чыгышты? Эч кимге зыяныбыз жок, тынч эле жашап атпадык беле? Эмне үчүн?” Кийин ойлоп көрсөм алар азан үнүнөн коркушкан экен. Күнүгө беш маал мечиттен жаңырган азан үнү аларды кыжаалат кылган экен. Мусулманчылык алардын тынчын алган экен. Биздин Аллахка болгон ишеничибиз, Пайгамбарыбыз САВга үммөт болгонубуз аларды коркуткан экен. Ошондуктан алардын негизги максаты азандын үнүн өчүрүү болгон экен. Буларды түшүнгөндөн кийин ошол эч ким жашабаган айылга азан айтууну туура көрдүм. Ал айылда азан үнү эч өчпөсүн деп Бешим, Аср, Шам, Куптан намаздары убактысында азан айта баштадым. Адамдар болбогону менен периштелер, жиндер, жана андан башка миңдеген руханий заттар бар. Алар да азан угуп руханий жактан азыктансын деп ниеттендим.” Журналисттер таң калып дагы бир суроо беришет: “Азанды бул айылга канча жылдан бери айтасыз?” “25 жылдан бери”-деп жооп берет Рамазан Байрам. Ислам дининин эң маанилүү белгиси болгон, көпчүлүк кара ниеттүүлөр каршы чыккан азанды 25 жылдан бери бош айылга айтып жүргөн экен. Мынакей. Ыкылас, берилгендик. Жакшы максаттарга, динге кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле бир демөөрчү, же бир байлык болушу керек эмес экен. Кандай абалда, шартта болбойлу колубуздан келгенин жасай бериш керек экен. Пайгамбарыбыз САВдан “Аллахтын эң сүйгөн амалы кайсы”-деп сурашканда Ал САВ: “Аз да болсо үзгүлтүксүз болгону, уланып турганы”-деп жооп берген. Чынында бул хадис каарманыбызга окшогон өтө көп мусулман бир туугандарыбызга эң күчтүү мотивация болушу керек. Демек ар бирибиз колубуздан келген бир пайдалуу ишти милдеттенип, аз-аздан болсо да эч үзгүлтүксүз, токтотпостон кылышыбыз керек. Ошондо гана бизди ийигилик күтөт менин бир тууганым!