Памирлик кыргыздардын учурдагы абалы HD

27.11.2020
Улуу жана Кичи Памирден 2017-жылы Нарынга 11 үй-бүлө жана 2020-жылдын башында Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылына 11 үй-бүлө келип, жалпы 22 үй-бүлө орноштурулган. Аларга быйыл бюджеттен 20 млн. сом бөлүнүп, үйлөр курулган. 2020-жылдын 28-октябрында Алай районунун Талды-Суу айылына курулган жаңы бүткөрүлгөн үйгө Нарындан 9 үй-бүлө көчүрүлүп келген. Алардын катарында «Памирден кайра эле Памирге келип калдык» деп айтып берди көчүп келген үй-бүлөнүн бири Шарапат Абдыхалил кызы «Баарыбыз кудайдын жараткан пенделерибиз. Жерлерибиз да окшош. Жаңы көчүп келген жерибизде (Алайдын Талды-Суу айылы) суук, шамал экен. Памирден келдик деп сүйүнсөк кайра эле Памирге келип калыппыз. Мамлекетке рахмат үйлөрдү сонун куруп бериптир ыраазыбыз. Памирде боордошторубуз калды деп, кыйын кырдаалга крабай топтоп алып келди. Сары-Моголго көчүп келген туугандарыбыздын жанындагы айылга келип калдык. Катташып, байланышып турабыз. Нарында шаарга көнүп калып, бул жерге анча көнө албай жатабыз. Жаз келсе тиричилигибизди кылып, көнүшүп кетээрбиз»,-деди Шарапат Абдыхалил кызы. Мусад Исламидин уулу Нарындагы мектепте 5-класста окуйт. Ал бул жакта шамал, мектеп алыс жана дүкөндөрдүн жоктугун айтты. «Мен 3 тилди билем. Кыргыз, орус, арабча. Ал жак жылуу эле. Кээде гана жамгыр жаап турат болчу. Бул жакты мен башкача элестеттим эле. Сары-Моголдо туугандарыбыз болгондуктан алардын жанына келип калганыбызга эле кубанып турабыз. Аман атам, Амина энем ушул жакта Сары-Моголдо анан Амиридин деген акем Жалал-Абадка окуганы кеткен»,-деди Мусад Исламидин уулу. Учурда Талды-Сууда жашап жаткан памирликтерде көйгөй жок. Айылда дүкөндөр жок деген маалымат чындыкка дал келбегенин аталган айылдын айыл-өкмөт башчысы Даанышбек Кеңешов билдирди. “Учурда көчүп келген памирлик туугандардын азык-түлүк башка кемчиликтери үчүн Сары-Могол айыл өкмөтүнө акча каражаты жыл башында бөлүнгөн. Сары-Могол айыл өкмөтү Памирден көчүп келген 18 үй-бүлөнү ушул жылдын аягына чейин каржылайт. Ага да 1 ай убакыт калды. Андан кийинкиси кандай болот билбейм. А соц тармактарда талкуу болгон Нарындан көчүп келген туугандардын нааразычылыгы чындыкка жакын эмес. Анткени Нарында да Сары-Соголдо да жума сайын бир жол чоң базар болот да. Ал эми биздин айылда базар болбойт. Айылда 5-6 жерде дүкөн бар. Кээ бирлери үйлөрүнө да дүкөн ачып алган”,-деди Даанышбек Кеңешов. Нарындан октябрь айынын аягында Талды-Суу айылына курулган 11 жаңы типтеги үйлөргө 7 үй-бүлө көчүп келген. Андан кийин буга чейин Сары-Моголдо жашап жаткан 11 үй-бүлө көчүп келип, учурда жалпы 11 үйдө 18 үй-бүлө 86 киши жашап жатат.

Похожие видео

Показать еще