Жумакайрык: жекшемби, 10.03.2019 (21:00) HD
1. Мамлекеттин каржы институттарынын каражаты, алар берген насыялар быйыл дагы айыл чарба тармагына көбүрөөк жумшалат. Өлкөдө кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү жана дыйкандарды колдоо максатында кредиттик портфелдин көлөмү жыл санап жогорулап, үстөк пайыздар төмөндөтүлүүдө. 2. Кыргызстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн тоолор түзгөндүктөн, жаз келип, аба ырайынын жылышы менен ар кандай жаратылыш кырсыктары да көбөйөт. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер быйыл тилсиз жоону алдын алууга кандай даярдыктан өтүшкөнүн, биздин кабарчылар көрүп келишти. 3. Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке киргенине бир айдын жүзү болду. Бул күндөрдүн ичинде борбор калаанын көчөлөрүндө орногон тартип, жол эрежелерин бузуулардын саны, негизи эле орнотулган видеобайколор коопсуздукка кандай таасир эткени биздин кабарчылардын иликтөөсүндө. 4. Бул жолку программабызда биз Кытайдын Үрүмчү шаарына саякат жасап, ал жердеги кытайлык кыргыздардын жашоо тиричилиги менен тааныштырмакчыбыз. Кыргыз тилинин абалы, бала бакчалардын күндөлүк турмушу, мындан сырткары дүйнө коомчулугу сөз кылып жаткан кайра тарбиялоочу лагерлер жана башка көптөгөн кызыктуу маалыматтар айтылмакчы.