Жумакайрык: жекшемби, 30.06.2019 (21:00) HD
1.Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, аны экс президент макамынан ажыратты. Парламент Атамбаев өлкөнү башкарып турган кезинде ири коррупциялык иштерге аралашып, мыйзамсыз кадамдарга барган деп эсептейт. Эми мурдагы президенттин иш-аракетине башкы прокуратура укуктук баа бериши керек. 2.Бул арада Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланышкан кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Бул жолу ЖЭБди оңдоп түзөөгө катышкан адистер көрсөтмө берүүдө. 3.Өлкөнүн өнөр жайын жана ишкерликти өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул апта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өнөр жайды өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтүп, бул тармактагы көйгөйлөр талкууланды. 4.Өлкөдө кыргыздын атактуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Иш-чара Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоодо өтүп, анын расмий бөлүгүнө президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Кожомкул балбандын өмүр таржымалы жана анын өз элине кылган опол тоодой эмгегин программанын жүрүшүндө эскеребиз.
Похожие видео
Показать еще