Өмүрүн динге арнаган аалым ИМАМ БУХАРИЙ HD

23.11.2019
Мухаммед 810-жылы Бухарада төрөлдү. Атасы Исмаил өтө такыбаа, диндар киши эле. Ал Бухари жаш кезинде эле көз жумду. Бухара шаарында аалымдар көп болчу. Исмаил дагы илимдүү аалымдардан болгондуктан, китептери көп эле. Китептер уулуна калды. Апасы да диндар аял эле. Бухарий алгачкы сабактарын Бухарадан алды. Ал 15 жашка чыга элек туруп 70 000 хадисти жатка жаттап алат. Илимде ушунчалык тереңдеген Бухарий ошол кездеги чоң аалымдар менен илимий тартышууга кире турган даражага жетет. Фикх илиминде да өтө күчтүү адис катары жетишет. 16 жашка келгенде Апасы жана бир тууганы менен Хажга жолго чыгышты. Узун жана оор сапардан кийин Меккеге барышат. Меккеде ажылык милдетин аткарган соң Бухарий апасынын жанына барат. Көзүндө жаш жүрөгүндө болсо чоң мүдөө. Апасына карап мындай дейт: “Апаке! Сураныч, мени алып кетпе, мени бул жака таштап кет. Илимимди бул жакта улантайын.” Чынында Бухариден башка жесир апасына жана инисине карай турган эч ким жок эле. Апасы уулунан алыстоону канчалык каалабаса да, келечек үчүн, дин үчүн “Макул балам!”-дейт. Натыйжада апасы менен иниси Бухарага кайтып кетишет. Ошол бойдон апа бала эч качан бири-бирин көргөн эмес. Көрсө улуу, чоң максаттар үчүн жанга жакын болгон нерселер курмандыка чалынышы керек. Имам Бухарий болсо Меккеде калып илим ала баштайт. Бир күнү мугалими Исаб бин Равиййанын: “Кана эми бирөө чыгып Пайгамбарыбыз САВдын сөздөрүн, сүннөтүн бүт баары түшүнө турган кылып, жөнөкөй кылып жазса”-деген сөздөрүн угуп калат. Ал кезде 16 жашта болчу. Ошол күндөн баштап бул улуу милдетке мен кызматчы болоюн деп ниет кыла баштайт. Ушул китепти жазып мен атак даңктын, абройдун ээси болоюн деген ниетте эмес, тескерисинче бул иштин аткарылышына мен себепчи болоюн дейт. Кантсем ошол эмгектин жазылышына себепчи болом-деген ой менен түнү күнү алек болот. Ошентип жүрүп бир күнү түшүндө Пайгамбарыбыз САВды көрөт. Чынында адам күндүзү эмнени көп ойлонсо, эмне менен көп алек болсо түндөсү ошол нерсе түшүнө кирет. Түш бул-күндүзгү жашооуздун күзгүсү. Түшүндө Пайгамбарыбыз САВ чөлдө олтурган эле. Имам Бухарий болсо кол чатыр менен Пайгамбарыбыз САВга көлөкө кылып турду. Анын бул кылганына Пайгамбарыбыз САВ ыраазы болуп турду. Бул түштү устазына айтат. Устазы болсо: “Демек Пайгамбарыбыз САВдын сөздөрүн, сүннөтүн чогултуу кызматы сага ыйгарылды”-деп жоруйт. Ошол күднөн баштап Имам Бухарий китебин жаза баштайт. Ал Багдат, Басра, Белх, Дамаск, Хумус, Куфа, Мадина, Мысыр, Нишабур сыяктуу жерлерге бир нече жолу барып ал жердеги эң атактуу 1000ден ашуун аалымдардан хадис жана башка илимдерди үйрөнөт. Башкалары уккан хадисин жазып аткан кезде ал жазчу эмес. Себеби Аллах ага бир укканын жаттап алчу жөндөм берген болчу. Бухарий Египеттен Орто Азияга чейинки аралыкта сабак берип жүрүп олтуруп өтө көп аалымдарды тарбиялап чыгарды. Алардын арасында-Тирмизий, Имам Муслим, Абу Дауд, Несаи, Абу Зура, Муслим бин Хажжаж сыяктуу атактуу аалымдар бар болчу. Миңдеген шакирттерди жетиштирген соң, Нишабурга андан кийин да Бухарага келди. Бухарлыктар аны кубану

Похожие видео

Показать еще