Бойдок аалымдар
БОЙДОК ААЛЫМДАР Пайгамбарыбыз САВ бир хадисинде «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө! Чынында акырет күнүндө мен үммөтүмдүн көптүгү менен мактанам»-деп айткан. Чынында үйлөнүү бул пайгамбарыбыз САВдын сүннөтүнөн. Үйлөнүү тууралуу дагы көптөгөн аяттар, хадистер бар. Бирок ушунчалык аят хадистер бар экендигине карабай эч үйлөнбөстөн жашап өткөн Ислам аалымдары бар. Булар анда пайгамбарыбыз САВга каршы чыккан болуп калышабы. Же Куранга каршы туруп калган болушабы? Келиңиздер, бул суроого жооп издеп көрөлү. Эгер башынан баштай турган болсок эки пайгамбар Йахя АС менен Иса АС бул дүйнөдөн эч үйлөнбөстөн өтүшкөн. Пайгамбарыбыз САВдын убагында болсо “Асхаб-ы Суффа” аттуу окуу жай болуп, ал жерде сахабалар Пайгамбарыбыз САВдан илим алып, аны дүйнөгө жайышкан. Булардын ичинен да үйлөнбөй, өзүн динге арнаган сахабалар болгон. Мисалга алсак эң көп хадис рываят кылган сахаба Абу Хурайра РА. Абу Хурайра РА дайыма Пайгамбарыбыз САВдын жанында жүрүп, ага кызмат кылган. Азыркы күнгө чейин жетип келген илимдин олуттуу бөлүгүндө бул улуу сахабанын салымы бар албетте. Ал эгер “үйлөнсөм тиричиликтин айынан Пайгамбарыбыз САВдын жанында көп боло албай калам. Натыйжада андан көп илим алалбай, көп хадис жаттай албай калам”-деген ниетте өзүн динге арнаган. Пайгамбабырыбз САВ да анын үйлөнбөй жашоосуна унчуккан эмес. Андан кийин үйлөнбөстөн өзүн динге арнаган аалымдар болгон. Булардын кээ бирлери менен таанышып чыгалы: 1. Имам Шафи РА: 767-820-жылдарда жашап өткөн Шафи мазхабынын негиздөөчүсү болгон аалым. Дин үчүн аябай көп мээнет кылган. Көптөгөн эмгектерди жазган. Учурда кабыры Каирде. 2. Бишри Хафи: 767-жылы Хорасан аймагында Марв шаарында төрөлгөн. Атасы Марв шаарынын жетекчилеринен болгон. Жаш кезинде динден алыс болуп, бираз сыноого дуушар болсо да, кийин тообо кылып, дин үчүн аябай көп кызмат кылган. Өмүрүн Аллах жолуна арнаган. 2. Имам Бухарий: 810-жылы Бухара жергесинде төрөлгөн. 870-жылы Өзбекистандын Хартанг аймагында кайтыш болгон. Өмүр бою дин үчүн, илим үчүн көп жерлерди кыдырган, өзүн динге арнаган хадис аалымы, фикх аалымы, акын, философ. Курандан кийинки эле орунда турган китептерден болгон “Сахих ал Бухарий”-аттуу хадис китебинин автору. 3. Имам Табарий: 839 – 923-жылдарда жашап өткөн аалым, тарыхчы. Ирандын Табарий жергесинде төрөлгөн. Өтө көптөгөн эмгектерди жазган. Алардын эң чоңдору Ыйык Курандын тафсири болгон “Тафсирул Табарий”, бирөөсү болсо “Тарихул Табарий”. Бул аалым да өмүрүн динге арнаган аалым. 4. Замахшарий: 1075-жылы Өзбекистандын Хорезм жергесинде төрөлүп, 1144-жылыкайтыш болгон. Фыкых аалымы, адабиятчы, тафсирчи, акыйда илими боюнча адис, оратор илими боюнча адис болгон. Бул аалым да өмүрүн дин үчүн арнаган. Өзүнүн 69 жылдык өмүрүндө өтө көп эмгектерди үммөт үчүн калтырып кеткен. 5. Имам Нававий: 1233-жылы Сирияда төрөлгөн. 1277-ж кайтыш болгон. Өмүрүн Аллах жолунда арнаган бул аалым да фикх, хадис жб тармактарда көптөгөн эмгектерди жараткан. Риязус Салихин аттуу чыгармасы атактуу. 6. Саид Ахмад Бадавий: 1200-жылы Мароккодо төрөлүп, 1276-жылы Египет
Похожие видео
Показать еще