Аллахты тааныткан өсүмдүк
Ыйык Куран күн өткөн сайын адамзатты таң калтырып келет. Албетте Аллахтын сөзү, адамзат жашоосунун системасы болгон бул өкүм таң калтырбай койбойт. Бүгүн Курандан дагы бир илимий-логикалык керемет аятка карап көрөлү. Таха сүрөсүнүн 53-аятында Аллах Таала мындай деп айтууда. “Кийин Биз аны менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык” А.э. Рад сүрөсүнүн 3-аятында болсо: “Жер бетине ар түрдүү мөмөлөрдөн эки жуптан жаратты”-деп айтылууда. Бул аяттар өсүмдүктөрдүн түгөйлөрү менен жаратылгандыгын айтууда. Б.а. өсүмдүктөрдүн да эркеги анан ургаачысы болот экен. Аяттын кыргызча маанисине караганда бул маани толук чыкпагандай көрүнүшү мүмкүн. Келиңиздер арапча маанисине карап көрөлү. Аятта айтылган “Азваж” жана “Завжайни” сөздөрү “Завж”-сөзүнөн келип чыгат. Завж сөзү “түгөй, түр, шерик, күйөөсү, аялы”-деген сыяктуу маанилерге келет. А.э. “Азваж” болсо көптүк мааниде, түгөйлөр деген мааниде колдонулат. “Завжайни” сөзү да көптүк мааниде колдонулат. Бирок Завжайни эки түгөйгө гана айтылат. Таха сүрөсүндө “ар түрдүү”-деген мааниге келген “Азваж” сөзү колдонулса, Рад сүрөсүндө “эки жуп”-деген мааниге келген “Завжайни” сөзү колдонулууда. Демек бул эки аятта бир жагынан түрдүү-түрдүү өсүмдүктөрдү жараттык деп айтса, экинчи жагынан ошол түрдүү-түрдүү өсүмдүктөрдү эркек, ургаачы кылып жараттык деп айтууда. Ооба. Куранда бир эле аяттын бир нече мааниси бар. А азыркы күндүн илими бул маселе тууралуу эмне дейт. Чын эле Куран айткандай өсүмдүктөрдүн эркек ургаачысы болобу? Ооба. Өсүмдүктөрдүн гүлүндө эркектик да, ургаачылык да органдар болот. Бул гүл чаңчалары шамал аркылуу же аары сыяктуу жаныбарлар аркылуу энелик клеткага түшөт. Натыйжада мөмө пайда болот. Демек Ыйык Куранда айтылгандай өсүмдүктөрдө да эркектик жана ургаачылык бар экен. Мынакей, бүгүн дагы Курандын дагы бир кереметине күбө болдук. Убакыттын өтүшү менен, улам жаңы ачылыштардын ишке ашуусу менен Курандын жаңы маанилери ачыка чыгып жашарууда. Ой жүгүрткөн адам үчүн бул аяттар чынында таң калыштуу. Жогорудагы айтылган Таха сүрөсүнүн 53-аятынан кийинки сүрөсүндө Аллах мынай деп айтат: “Бул нерселерде акылдуу кишилер үчүн сабактар бар” (Таха сүрөсү 54-аят)