АЛЛАХТЫ ТААНЫТКАН ЖЫРТКЫЧ ӨСҮМДҮК HD
Аң уулоочулук бул-күчтү, кудуретти, шамдагайлыкты, акылды талап кылган бир иш. Адам болсун, айбан болсун, ушул өзгөчөлүктөр менен аң уулоочулук кыла алат. Азыр болсо сиздерге акылы, эрки жок болгон бир “аңчы” тууралуу айтып беребиз. Венус өсүмдүгү. Же болбосо венерина! Органикалык азыктардан кур калган балчыктарда, саздарда өсөт бул өсүмдүк. Чынында башка өсүмдүктөрдөй эле кээ бирки элементтерсиз бул өсүмдүктүн да өсүүсү, жашоосу, өмүрүн сактап калуусу мүмкүн эмес. Бирок элементтер, органикалык азыктар болбосо деле венерина жашоосун улантып жатат. Ал азыгын курт кумурскалардан алат. Үстүнө конгон курт-кумурскаларды жеп жашоосун улантат. Венеринанын үстүндө антоцианин деп аталган кызыл түстөгү элементи жана жалбырактарынан бөлүнүп чыккан шекер сыяктуу болгон жыты бар. Бул эки элемент курт кумурскаларды өзүнө тартып турат. Оңой олжо таптым деп ойлогон чымын учуп келип кызыл жерге конуп, жалбырактын ичиндеги ийнелерге тийген кезде элетроникалык сигнал өсүмдүктүн клеткасына кабар берет да, натыйжада жалбырак заматта жабылып калат. Адатта алаканга конгон чымында заматта мыжыгып кармап калуу өтө эле кыйын. Себеби чымын шамдагай болгондуктан учуп кетет. Бирок венерина секунданын ондон бир бөлүгүндө жабылып калат. Ошончолук бат учкан чымын да, учуп кетүүгө үлгүрбөй калат. Ичиндеги чымын кыймылдаган сайын ийнелерге тийип, натыйжада жалбырак ого бетер күчтүү басым менен жабыла берет. Аябай күчтүү басым менен кыскан кезде чымын чыга албай калат. Чымын кайра кайра ийнелерге тийген кезде венерина тамак эритүүчү кислотасын бөлүп чыгарат да аны менен чымынды эзет. Андан кийин чымынды соруп азыктана баштайт. Ушул жерде дагы бир кызыктуу нерсени айта кетүү керек. Жалбырак жабылып калуусу үчүн үстүндөгүчымын ийнеге эки жолу катары менен тийүү керек. Мындай шартта венерина жалаң гана курт-кумурскалар үстүнө чыкканда же конгондо гана жабылат. Андан сырткаркы жамгырдын тамчысы сыяктуу нерселерге жабыла бербейт. Эгер кичинекей курт кумурска түшкөн болсо жалбырактын тиштеринин арасынан чыгып кетет. Натыйжада атайын бөлүп чыгарган тамак эритүүчү кислотасын венерина кайра артка тартып алат. Кичинекей курт-кумурскага энергиясын коротпойт. Ал эми жеп бүткөндөн кийин жалбырактар кайра ачылып, өлгөн курт-кумурсканын калдыгын экинчи бир жаныбарчалардын келиши үчүн капкан катары пайдаланат. Мынакей! Материалисттерди таң калтырып, жооп таба албай калуусуна себеп болгон бир өсүмдүк! Ал жогорку деңгээлдеги ылдамдыка, курт-кумурскаларды эриткен кислотага кантип ээ болду? Дегеле бул өсүмдүктүн таң калыштуу иштөө системасы кантип түзүлдү. Венерина кантип курт-кумурскалар жактырган, аларды өзүнө тарткан түстү жана жытты билип алды? Жана ал түскө, жытка кантип ээ болду? Жалбырактын формасы капас, тузак сыктуу болуп, ичине түшкөн чымын эч чыга албайт. Муну венерина кантип түзүп, жасап чыкты? Үстүнө чымын эки жолу тийген кезде электрик сигналын берген ийнечелер жана ошол сигнал берүү иш-аракети дегеле ушул система кантип ишке кирди? Муну венерина кантип жасап алды. Андан сырткары жылм