Бөлүнгөндү бөрү жеп кетеби? HD

27.07.2019
МЕН АК СӨӨКМҮН! МЕН ТАЗА КАНДУУМУН! МЕН АРИЙМИН! СЕН ЭКИНЧИ СОРТ ЭЛДЕНСИҢ! СЕН БАЛАНЧАСЫҢ! МЕН ТҮКҮНЧӨМҮН! СЕН ЫЛДЫЙКЫ АЙЫЛДАНСЫҢ! СЕН ОШТУКСУҢ! СЕН БАШКА ЖАМААТТАНСЫҢ! СЕН БАШКА МАЗХАБДАНСЫҢ!-ДЕГЕН СӨЗДӨР ЧЫНЫНДА Аянычтуу абалды көрсөтөт!... Оо менин биримдике муктаж болгон бир тууганым! Чынында жогорудагы сөздөр октон да катуу, уудан да ачуу. Бөлүнүп жарылуу, улутчулдук, душмандык кылуу, ынтымактын жоктугу-булар коомдук жашоо жактан да, дин жактан да, келечек үчүн да, акыйкат көзү менен карасаң да өтө зыян, жагымсыз бир көрүнүш. Бул маселе тууралуу Курандын тафсири Рисале-и Нур чыгармаларында өтө кеңири берилген. Биз ал жерден кыскача эле бир жерин окуп көрөлү. Даяр болсоңуздар кеттик! Аллах Таала Ыйык Курандын Хужурат сүрөсүнүн 13-аятында мындай дейт мындай дейт: “Эй адамдар! Биз силерди эркек-ургаачыдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар-такыбараагыңар. Чындыгында Аллах (баарын) билүүчү, (баарынан) Кабардар!” Демек бул аятта Аллах Таала биз пенделерине: “Мен силерди бири-бириңердеги турмуш тиричилике таандык болгон абалдарыңарды , өзгөчөлүгүңөрдү, мүмкүнчүлүгүңөрдү үйрөнсүн деп, жардамдашсын деп, бири-бири менен таанышсын деп коомдорго, улуттарга бөлүп койдум. Бири-бири менен атаандашып, душман болуп, араздашып жаңжалдашсын деп улуттарга бөлүп койгон жокмун”-деп айтып жатат. Жөнөкөй эле бир армияны мисалга алып көрөлү. Баарыбызга белгилүү болгондой бир армия полк, рота, дивизия ж.б.у.с. бөлүктөргө бөлүнгөн. Бул бөлүнүүнүн артынан ар биринин жеке милдеттери пайда болот жана ошого жараша аракет кылышат. Бул бөлүнүүлөр бири-бири менен урушуу үчүн эмес, тескерисинче бири-бирине көмөктөшүп жардамдашуу, ишти дагы да кылдат так алып кетүү үчүн. Дал ушул сыяктуу Ислам ааламы да улуттарга, коомдорго, урууларга бөлүнгөн. улут-улут кылып жаратып койгону менен ар бир улутка өзүнө таандык өзгөчөлүктөрдү, жөндөмдөрдү бири-биринен ал нерселерди үйрөнүп өсүп өнүксүн деп берип койгон. Эң эле жөнөкөй, жупуну мисал, кыргыз эли эт өндүрүү ишинде уста болсо өзбек эли багбанчылык ишинде уста келишет. Бул эки эл ушул жөндөмдөрүн бири-бирине тажрыйба алмашуу иретинде үйрөтүү менен өнүксө болот деген ишаарат кылууда аят. Дагы башка ушул сыктуу мисалдарды айтсак болот. Чынында сыртынан карасаң башка-башка эл болгонубуз менен бүткүл мусулмандарды бириктире турган өтө көп жактарыбыз бар. Мисалы Жаратуучубуз Бир! Ырыскы берүүчүбүз бир. Дегеле Аллах Тааланын 1001 ысысмы болсо ошол 1001 жактан бириктире турган биримдиктерибиз бар. Андан да кала берсе пайгамбарыбыз бир. Кыбылабыз бир, ибадатыбыз бир, дилибиз бир, мүдөөбүз, максатыбыз бир! Баарыбыз Бир Аллахтын Ыраазычылыгына жетели деп жүрөбүз. Эми ойлонуп көрүңүз! Бул бизди бириктирген биримдиктер бир туугандыкты, сүйүүнү, махабатты, ынтымакты талап кылат. Ислам дини Тавхид дини. Б.а. тавхид бул Бир Аллахка ишенүү, бир Аллахка баш ийүү, Бир Аллахтын алдында биримдик менен биригүү деген мааниге келет. Ушунчалык бириктире т

Похожие видео

Показать еще