Үй-бүлө, тең укутуулук, эркектин милдети жана адамдын жашоодогу максаты-феминист айымдын интервьюсу

18.05.2021
Феминизм эмне себептен улам пайда болгон? Франсуз императору Наполеон Бонапарт 1804-жылы өзүнүн жарандык кодексин чыгарат. Ал кодексте эркек кишиге үй-бүлөдөгү укуктук жеңилдиктер берилет дагы, аял кишинин укуктары тескерисинче, катаалдаштырылат. Наполеондун указы боюнча эркек кишиге керек болсо ажырашуу дагы жеңилдетилген болот. Мына ушул кодекс кабыл алынгандан тартып, феминизмдин дубалы активдүү тургузула баштаган. Ал эми фундаменти эмне болду? Ал эми фундаменти болсо буга чейин эле куйулуп калган. Айтайын дегеним, бул кодекс кабыл алынганга чейин эле Европа мамлекеттеринде, АКШда, Англияда жана башка батыш өлкөлөрүндө аялдардын укуктары тебеленип келген. Мисалга айтсак, Францияда аял кишилердин шайлоо учурунда добуш берүүгө укугу болгон эмес. Аялдарга саясий ареналарга келүүгө жана керек болсо коомдук жайларда жүрүүгө тыйуу салынган. Мындан тышкары, франсуз аялдарына күйөөсүнөн уруксаат алмайынча өзүнүн атына банктан эсеп ачууга жана жумушка орношууга дагы чек коюлган эле. Ал эми айлык акылары болсо эркетердикине салыштырмалуу кыйла аз төлөнгөн. Наполеондун жаңы кабыл алган кодекси, тутаналбай жаткан отко май бүркүп жибергендей эле болгон. Буга чейин эле укуктук теңсиздиктен улам кыйналып келген франсуз аялдарынын чыдамы түгөнүп, кодекс кабыл алынгандан тартып өз укугун коргоодо активдүү кыймылдап, коюлган чектерге каршылыгын көрсөтүү акцияларына чыга башташкан. Алгачкы феминисттик толкундар Аял кишилердин тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн бул кыймылды тарыхта үч толкунга бөлүп карап келишет. Франсуз айымдарынын, же болбосо биринчи феминисттердин толкуну 1840-1930-жылдарга туш келген. Ал эми экинчи толкуну болсо 1960-жылдары өткөн. Айрым булактарда бул толкун “радикалдуу феминизм” деп аталып калган. Үчүнчүсү болсо 1990-жылдары башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Феминизмдин максаттары Феминизмдин эң негизги максаты – бул аялдардын жарандык тең укуктуулугун толук камсыз кылуу, эркектер тарабынан аялдарга карата болгон басмырлоону жана зомбулукту жоюу, эркектер менен коомдун баардык чөйрөсүндө бирдей кабыл алынуу. Феминизмдин талаптары: бирдей айлык акы, бирдей иш убактысы, бирдей мамиле, өздөрү каалагандай кийинүү, жана ошондой эле абортту өз каалоосу менен жазатуу же жазатпоо, бала төрөө укугу, күйөөнү өзү тандоо укугу ж б Феминизмдин түрлөрү Феминизм 18 кылымдын аягы 19 кылымдын башында пайда болгон. Андан бери 200 жылдан ашык убакыт өттү. Мына ушул эбегейсиз узун убакыт ичинде феминисттик кыймылдын ар кандай багыттары көбөйүп, көптөгөн кичи топтор пайда болгон. Бүгүнкү күндө феминизмдин 30га чукул түрү бар. Алардын баарынын тең негизги идеологиясы бир эле – бул коомдогу укуктар жана артыкчылыктар жынысына жараша аныкталбашы керек. Андыктан негизги идеологиясы бир болгону менен, ич ара анча-мынча көз караштарды тең бөлүшпөйт. Феминизмдин айрым түрлөрүн санап өтсөк: Руханий феминизм Маданий феминизм Лесбияндык феминизм Эркектердин феминизми «Жумшак» же болбосо «жеңил ойлуу феминизм» Үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн феминизми Радикалдуу фе

Похожие видео