Скелетибиз Аллахты далилдейт! HD
Скелет же биздин сөөктөрүбүз. Биздин жашообуз үчүн, денебиз үчүн өтө маанилүү. Ансыз денебиз формага ээ болбогон резина сыяктуу эле болуп калат. Органдарыбыз бири-бирине аралашып кетет. Атүгүл элестетүү да өтө коркунучтуу. Бүгүн биз секелтебиздин кантип жаралып жана тартиптүү тизилип калышы мүмкүн экендигин карап көрөлү. Скелетибиз кокустуктан жаралганбы же башка жол мененби? Алгач ыктымалдуулук теориясына логилык мисал менен карап көрөлү. Элестетиңиз, кубикти биринчи таштаганда эле дароо 4 түшүп калуу ыктымалдуулугу алтыда бир. Б.а. төрт чыкпай калуу ыктымалдуулугу бешөө. Ал эми эки кубикти бирдей таштаганда, дароо биринчи ташташта эле экөөнүн тең төрт түшүп калуу ыктымалдуулугу 36да 1. Эки кубикти эки жолу катарынан таштаган кезде дароо катарынан төрт чыгуу ыктымалдуулугу 1296да бир. Мында төрт чыкпай калуу ыктымалдуулугу 1295. Т.а. төрт түшүп калуу ыктымалдуугу өтө эле кыйын. Ошол эле эки кубикти төрт жолу катарынан таштаган кезде катарынан баарында төрт түшүү ыктымалдуулугу 1 679 616да бир. Элестетип көрүңүз, 1 679 616! Жөнөкөй эле эки кубиктин катарынан төрт чыгуу ыктымалдуулугу ушунчалык жогору экен! Эми адамдын денесиндеги 206 сөөктүн бири-бирине ылайыктуу болуп тизилип калышынын ыктымалдуудугу канчада канча. Т.а. “мунун баары кокустан жаралып” калган деген сандырак теориянын көз карашы менен карап көрөлү. Адамдын сөөктөрүн чогултуп бир мүшөкө салдык. Ал мүшөктөн бирден сөөк алып скелетти курап баштайбыз. Эгер туура эмес сөөктү алып алган болсок буга чейинки кураштырган скелеттерди кайра мүшөкө салып кайра башынан баштайбыз. Б.а. биз мүшөктөн сөөктү бир алганда эле катарынан сөөктү курап чыгышыбыз керек. Кызык, 206 сөөктүн бири-бирине ылайык туура чыгыш ыктымалдуулугу канчада канча болушу мүмкүн. Триллиондогон сандар менен да эсептелиниши кыйын чынында. Демек кокустуктан сөөктөрдүн ушундай тартиптүү абалда тизилип калышы эч мүмкүн эмес экен. Логикага такыр сыйбаган, караңгылыка, адамдын күлкүсүн келтирген абалга алып барган бир көз караш экен бул кокустук теориясы. Эми ушул сөөтөрдүн кокустан ушунтип тизилип калышы эч мүмкүн эмес болуп турганда, сөөктөрдүн кокустан жаралып калышын акыл эч кабыл ала албайт. Б.а. адамдын сөөгүнүн кокустуктан жаралып калышынын эч мүмкүн эмес экендигин теория менен далилдедик. Эми жер бетиндеги адамзаттын скелетин элестетиңиз. Аны менен бирге бүткүл жан-жаныбарлардын сөөктөрүн элететиңиз. Кантип кокустан же өзүнөн-өзү, эң кооз көрүнүштө жаралып, жана тартиптүү тизилип калсын. Ушул сыяктуу эле бүткүл жаратыктардагы орган мүчөлөрдү жана алардын жайгашуу ыкмаларын карап көрүңүз. Кантип кокустук менен жаралып өз ордуна кокустук менен жайгашып калсын. О менин бир тууганым! Кокустука таянгандардын Жаратыктардын жаратылышында Аллах жаратпады деш менен канчалаган оор, кыйын, мүмкүн болбогон, күлкүлүү теорияларды кабыл алып жаткандыктарын көрдүңбү? Алардын сунган теориялары акылга сыйбайт, логикага жатпайт. Албетте мындай кереметтүү кубулуш болгон скелетибизди жараткан жана бир тартипте акылмандуулука ылайыктуу түр
Похожие видео
Показать еще