Жамгыр тамчысы Аллахты таанытууда...
Сыртта тыпылдап жааган жаан тамчылары адамды чынында эс алдырат. Жан дүйнөң эс алып, айланага көз чаптырып, “тафаккур”-кылып, Аллахтын кооз жаратыктарына ой жүгүртө баштайсың бул мезгилде. Жааган жаандын ой жүгүртө турган, таң калычтуу жактары чынында көп. Алардан биз бир гана жаан тамчыларынын жерге түшүүсүн гана карап көрөлү. Ооба, чынында бул таң калычтуу. Жамгырдын тамчысы 6 мм болот. Андан чоң болбойт. Жаап жатканда болсо эч качан бири-бирине тийбейт. Шамал болсун, бороон чапкын болсун тамчылар бири-бири менен кагышпайт, бири-бири менен бирикпейт. Жердин тартылуу күчүнүн мыйзамы боюнча жогорудан ылдый көздөй түшүп бараткан нерсенин ылдамдыгы барган сайын күчөй берет. Бирок кичинекей тамчылар бул мыйзамга баш ийбестен, туруктуу бир ылдамдыкта, жумшак абалда түшүүдө. Бул кубулуш чынында биз үчүн маанилүү. Эгер тамчылар жердин тартылуу күчүнүн мыйзамына баш ийип түшкөндө анда кудум атылган октой болуп түшмөк. Бүткүл жакты талкалап, жок кылмак. Ушул жерден суроо туулат. Бул тамчылардын көлөмүн жашообуз үчүн ыңгайлуу кылып, ким башкарууда? Миллиарддаган тамчыларды, катуу шамал болсо да бири-бирине тийгизбестен өз-өзүнчө кылып тамчылаткан ким? Атылган октой болуп түшө турган тамчылардын ылдамдыгын бир калыпка салган Мээримдүүлүктүн ээси ким? Ушул системанын баарын башкарган ким? Бул тамчыларды чакадан куйгандай одоно кылып эмес, майда, назик кылып жаадырган зат ким? Албетте мунун баарын башкарган, жасаган зат АЛЛАХ! Ал жамгыр тамчыларын биздин жашообузга ыңгайлуу кылып ылайыктап, бир тартипке баш ийдирген Зат!!!