Куран өзгөргөнбү? HD

29.02.2020
7 кылым. Мекке. Пайгамбарыбыз САВ мушриктердин алдына чыгып, мындай деди: «Бул колумдагы буйрукту силер да, силерден кийин келгендер да эч качан өзгөртө албайт!». Пайгамбарыбыз САВ бул жерде эмне тууралуу айтып жатат. Албетте, Ыйык Куран тууралуу! Ыйык Куран өзгөргөнбү же жокпу? Ислам дини келгенге чейин Аллах Таала Пайгамбарларды жөнөтүп, аларга китептерди түшүргөн. Тоорат Муса АСга, Забур Дауд АСга жана Инжил Иса АСга түшкөн. Бул пайгамбарлар жана китептер белгилүү бир коом үчүн гана болчу. Убакыттын өтүшү менен бул китептерди адамдар өздөрүнүн кызыкчылыктарына ылайыктап өзгөртүп алышкан. Мисалга алсак Википедиянын берген маалыматы боюнча азыркы күндө Инжилдин протестанттык христианчылыкта 66 түрү, а.э. православиялык христианчылыкта болсо 81 түрү бар. Бул китептердин бири-биринен аябай көп айырмаланат. Ошол эле кезде бөдүмдөрүндө бири-бири менен карама-каршы келген стихтер биздин тил менен айтканда аяттар бар. Атүгүл былтыркы чыккан Инжил менен быйылкы чыккан Инжилдин ортосунда айырмалар, карама-каршылыктар бар. А биздин Кураныбызчы. 1400 жылдан бери өзгөрдүбү? Келиңиздер карап көрөлү. Кураныбыз өзгөргөнбү? Пайгамбарыбыз САВ мушриктердин алдына чыгып: «Бул колумдагы буйрукту силер да, силерден кийин келгендер да эч качан өзгөртө албайт!»-деп Куранды назарда тутуп айтат. Ал мезгилдери мушриктердин эң чоң максаты Куранды жок кылуу же өзгөртүп жиберүү эле. Андан кийин да 14 кылым бою дин душмандарынын эң чоң максаты Куранды өзгөртүү болгон. А пайгамбарыбыз САВ болсо кебелбестен туруп “Куранды эч ким өзгөртө албайт”-деп ишеничтүү айтууда. Пайгамбарыбыз САВ эмнеге таянып минтип ишеничтүү түрдө айтууда? 7 кылымдан тарта ушул доорго чейин Курандын бир да аятын, атүгүл бир тамгасын да эч ким өзгөртө алган эмес. 7 кылымда кандай болсо ошол бойдон сакталып келе жатат. Куранды мусулмандар китептин барактарында эмес, тескерисинче эсинде, мээсинде сактап жүрүшөт. Учурда дүйнө жүзүндө миллиондогон хафиздер бар. “Хафиз” сөзү-Сактоочу, коруучу деген мааниге келип, Куранды баштан аяк жаттап алгандарга карата айтылат. Мисалга алсак 2013-жылы Пакистанда бир эле жылда бир медреседен 63 556 хафизди даярдап чыгарышкан. Жалпысынан өлкөдө дээрлик бир миллион хафиз бар. 5 млн эли бар Ливиянын ар бир бешинчи жараны хафиз. Ал эми Түркияда болсо 150 000дөй хафиз бар экендиги такталган. Куранды баштан аяк жатка жаттап алуу өзүнчө керемет. Бул да Курандын миңдеген касиеттеринин бирөө болуп саналат. Мисалы, учурда дүйнө жүзү боюнча бир да, Библияны жатка жаттап алган хафиз жок. Учурда Пайгамбарыбыз САВдын доорунан калган эң эски Курандар Ташкентте, Истамбулда жана Англияда бар. Бул Курандын нускалары азыркы күндөгү Куран менен дал келет. Пайгамбарыбыз САВ алгач миңдеген сахабарларга Куранды жаттаткан. Кийин Абу Бакр, Умар, Осмон РАлардын убагында китеп болуп даярдалган. Учурдагы эң эски Курандар ушул доордон калган Курандар болуп саналат. Дүйнөдө эң көп окулган жана жатталган китеп бул-Куран. Миллиарддаган нускалары бар. Мисалы дүйнөнүн бир бурчундагы Куран менен эк

Похожие видео