Өзгөндө 8 окуучу жол кырсыгына кабылып, натыйжада эгиздин түгөйү мерт кетти HD

20.06.2020
Өзгөн районунда 18-июнда окуучулардын катышуусунда болгон жол кырсык эгиздин түгөйүнүн өмүрүн алды. Бул тууралуу Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Райымберди Курманкулов билдирди. Анын айтымында, кырсыкка учураган унаалардын бирөөсүн кыз башкарып бара жаткан. «Окуя болгон күнү 18-июнда Мамат Нурбаев атындагы орто мектептин бүтүтүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылган. Ошол жерден мугалимдер бүтүрүү кечесин өткөрбөөнү эскеришкен. Буга чейин пандемияга байланыштуу эл чогулуп, той-аштар, маарекелер өткөрүлбөсүн деп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок балдар ата-энесине айтпай, түштөн кийин саат 15:00 чамасында кафеден тамактануу үчүн Мырза-Акеден Өзгөндү көздөй эки унаа менен барган. Кайра кайтып келе жатканда бири-биринен жарышып жол кырсыгына учурашкан экен. Төртөө ооруканага жеткирилип, оор жаракат алган бир окуучу ооруканада каза болгон. Каза болгон бала эгиздин түгөйү эле. Маркумдун ата-энеси социалдык жактан аз камсыз үй-бүлө катары бизде каттоодо турчу», - деди Райымберди Курманкулов. Окуяга күбө болгон Дилмураддын айтымында, жол кырсыгы катталганда катуу үн чыгып, чаң асманга көтөрүлгөн. Толугу менен http://osh.turmush.kg/news:403148

Похожие видео

Показать еще