Бажычылар үчүн катталбаган нерсе – жок нерсе

11.02.2020
10-ноябрда Ыстамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөндөн кийин 21-ноябрда түзүлгөн парламенттик комиссия бүгүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Анын кыргыз саясатчылары менен байланышын талкуулоого азырынча кезек жете элек, бүгүн коюлган суроолорго болсо таптаза бюрократиялык жооптор айтылды. Мисалга, 2017-жылдын январында Бишкек алдында кулаган «Боингдеги» жүк тууралуу эч ким эч нерсе билбейт экен. ЖК депутаты Өмүрбек Бакиров: Мына, Кыргызстанга жанакы мындай контрабанда жолу менен келген жүктөрдүн бирөөсү деп атам да мен... Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев: Андай эч кандай болушу мүмкүн эмес контрабанда. Мен самолёт менен келип... Өмүрбек Бакиров: Сиз ага жооп бере албайсыз... Алтынбек Торутаев: Жок, жооп бере алам. Биздики ал жерде, аэропортто бизден башка 5 служба бар. Бизден башка. Бул жерде килейген борт эмес, 500 килограмм жоголбойт, биздин импорттолуп келген жүктөрдөн» Бажыда жарым тонна жүк да жоголбойт, – дейт Торутаев. Катталган жүк болсо, албетте, жоголбойт, ал жоголсо, мамлекет башыңызды жулуп алат да. Маселе катталбаган контрабанда жөнүдө болуп жатканын Бажы жетекчилиги тааныгысы жок Алар үчүн андай катталбаган, аткезчилик жол менен өткөн жүк деги эле жок, анткени катталбаган. Ага – Кытай менен Кыргызстан жүктү ар башка каттаганы дагы кошулуп, маселени чаташтырат. «Бизге жалпысынан Кытай эл республикасынан 2019-жылы жалпы импорт болуп келгени 1 млрд 942 болду. Бул жерде, жанагы сиз расхождение деп атпайсызбы статистиканыкы. Кытай эл республикасынын маалыматы боюнча 5 млрд 556 млн доллар болуп эсептелинип жатат да», - деп мойнуна алды Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев. Ошентип, Кытайдын эсеби боюнча Кыргызстанга жылына 5 жарым миллиард доллар турган жүк өтөт экен, Кыргызстан болсо – биз 2 миллиардка жетпеген жүк алдык дейт. Айырмасы 3 миллиард 600 миллион доллар. Торутаевдин айтымында, Кытай менен Казакстандын статистикасынын айырмасы дагы 6 миллиардка жетет, 2015-жылы болсо ал айырма 3 млрд 300 миллион гана болчу. Баарыбыздын аракетибиз окшош экен, бирок баарына Кытай күнөөлү. «Биз жыл сайын көтөрөбүз Кытайдын Бажы кызматы алдында, биз өзүбүз кызыкдарбыз бажы статистикасынын расхождениесинин себептерин тастыктоого. Ошон үчүн биз Бажы кызматы тарабынан жыл сайын бир нече жолу Кытай эл республикасына запрос жөнөтөбүз – сопоставление өткөрөлү, биз аныкташ керек болуп атабыз деп. Бул иш 2010-жылдан бери келатат, бирок Кытай эл республикасы өзүнүн ички мыйзамдарына таянып, биз толук силер менен сопоставление данных кылып, статистика өткөрө албайбыз деп атышат, анткени бул жерде защита экспорта болуп атат да», – деди бүгүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы. Айырма бир нече миллиард долларга жеткенин кыргыз тарап – алар өз экспортун ушинтип колдойт деп түшүндүрөт. Кытайлык бажычылар да, ишкерлер дагы салыктарды кайтарып алууну каалайт, ошондуктан экспорттун көлөмүн апыртып көрсөтүүгө умтулат имиш. Бирок аны Өзбекстанга кетти десе деле жалпы көлөм өзгөрбөйт эле да. Жүк башка мамлекеттерге баратса да

Похожие видео

Показать еще