УЯТ ЭЛЕ! КЫРГЫЗДЫН АР БИР КЕЛИНИ АБЫСЫНЫНА ЭРЕГИШЕТ! HD
Абысындар тууралуу мифтер жана чындык! Абысындын тилеги: Абысыным менин алдымда жүргөнчө, сөмтүрөп, артымда жүрсүн! – дейт! Бир жолу уулум менен ооруканада жатып калдык. Инфекционныйда. Башында коридордо жаттык. Анан палатага которушту. Жаныбызда бир аял уулу менен жаткан. Анан жөн жатпай ар нерсени сүйлөшөбүз. Ал аял бир группа менен биргеликте кредит алышкан экен. Групповой. Анан ошолорго улам чалып, аларды координировать кылып: барып төккүлө! Тигинткиле, мынткиле! Деп указание берип жатты. Единицасын ошолор менен сүйлөшкөнгө кетирип атты. Үй-бүлөсү менен квартирант болуп жашашат экен! Кредит төлөйт экен! Анан да тойго барганда мурун кийип барган көйнөгүн кийбейт экен, себеби абысындарым көргөн да, кантип кийип бармак элем дейт!! А күйөөсү күндүзү стройкада иштеп, кечинде таксовать этет экен. Ошол кредитти жабайын деп, аялына жаҢы көйнөк алып берейин деп… А мен баягы денем көнүп калган бир чарала көйнөгүм (анын тарыхын эмикиде жазып берем) бар ошону кийип жүрөм, эч нерсе болбой эле… Абысыным айтат, тиги айтат, бу айтат деп ойлонбой. Анткени элдин оозунда элек жок! – дегенге сөзгө таянып жашайм! Эл айтат деп улам-улам жаҢы көйнөк кийбейм… бул жагынан күйөөм үчүн абдан эле экономичный вариантмын! Дагы бир абысындар тууралуу феномен: Эки эгиз бала бир тууган эже-синдиге үйлөнүшөт экен. Ошол эже синди, абысын болгон сон, кадимкидей эле бири-бирин аҢдып, баягы эле Абысындын тилеги: Абысыным менин алдымда жүргөнчө, сөмтүрөп, артымда жүрсүн! – деген принцип менен жашашат экен! Болбосо, о КАРЛ, бир тууган!!! Бир эненин жатынынан чыккан кыздар!!! (слишком ыймандуулар, жатын деген сөз үчүн камни не надо кидать, улуу сөздө уят жок!!) Албетте беш кол тен эмес дегилечи, ынтымактуу жашаган абысындар деле бар! Эгер албетте, бири-биринен алыс жашап, сый мамиледе болсо… Ал эми көпчүлүк учурда, абысын мен жогоруда жазган принцип менен карайт өз абысынын. Эгерде, сиздереде абысындар ортосунда ар кандай окуялар, пикилер болсо, комментарийге зерикпей жазып коюшунуздарды суранам. Баса, мен өзүмдүн абысынымды жакшы көрөм! Ал белекке берген сөйкөнү түшүрбөй тагынып жүрөм!