SOS Балдар Айылдары–балдардын кызыкчылыктарын, укуктарын, жана муктаждыктарын коргоп келет HD

06.02.2018
SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплекси “Кыргызстандагы SOS Балдар айылдары” коомдук фондунун курамына кирет. Окуу-тарбия комплекси тагдырдын кандайдыр бир себептеринен улам ата-энесинен ажырап калган жана аз камсыз, жарды уй-бүлөлөрдөн чыккан балдарды колдоо жана аларга кайрымдуулук кылуу максатында 2002 жылы ачылган. Ошол эле учурда окуу-тарбия комплексинде коомчулуктан келген балдар дагы окушат. Мындай практика өзүнүн үдүрүн берип жатат десек жанылышпайбыз. Себеби окуучулар жашоонун күӊгөй-тескей боло тургандыгы, жакшылап окуп билим, тарбия алса бактылуу үй-бүлө курса боло тургандыгын түшүнүп чоӊойушат. Боорукерлик, толеранттуулук ал окуучуларга мүнөздүү. 2017-2018 окуу жылында окуу-тарбия комплекс “Сорос–Кыргызстан” Фонду жарыялаган “Инклюзивдик мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүнү колдоо” долбооруна катышып аны жеӊип алды. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар башка балдар сыяктуу эле билим-тарбия алганга укуктуу, аларга өзгөчө көӊүл буруп, шарттарды түзүп берүү-коомдун, мамлекеттин, баарыбыздын милдетибиз. Кыргыз элинин менталитетинде уялчаактык мүнөзүбүз бар. Ушундан улам майып балдар төрөлгөндө ата-энелери жашырып, балдары менен өздөрү эле калган учурлар көп кездешет. Алар өздөрүн жалгыз сезбеши керек, алар колдоого муктаж. “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплекси өзгөчө муктаждыгы бар 5 баланы мектепке, 5 баланы бала-бакчага кабыл алган. “Инклюзивдик мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүнү колдоо” доолбордун алкагында алар үчүн атайын ресурстук кабинет жана сенсордук бөлмөлөр уюштурулуп, мектепке жана бала-бакчага пандустар орнотулду. Мугалимдер жана тарбиячылар үчүн усулдук жактан жардам көрсөтүлүп, семинар-тренингдер өткөрүлдү. Атайын методикалык адабияттар, өнүктүрүүчү оюнчуктар менен ж.б. менен камсыздалды. Өзүнүн ишин мыкты билген психолог, логопед, мугалимдер жана тарбиячылар ар бир балага бирдей мамиле жасап, ийгиликке шыктандырып, болгон билимин,тажрыйбасын жумшап эмектенишип, “Бала жердин гүлү” демекчи, бул балдар гүл сыяктуу келечекте элдин, жердин ажарын ачкан инсан кылып, тарбиялоого аракет кылып жатышат. Кыргыздын чыгаан уулу, көрүнүктүү инсан, белгилүү жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун “Адамга эӊ кыйыны-күн сайын адам болуу” – дегендей, кайрымдуулук жасайлы, боорукер, гумандуу, толеранттуу бололу! Күн баарыбызга текши тиет эмеспи! Күлкүсүн жадыраган оболотуп, Баланы шат өмүрү жайнап турсун!

Похожие видео