АЯТТА ТЕМИР СЫРЫ! HD

25.05.2019
Темир. Ыйык Куранда аты аталган элементтерден. Атүгүл “Хадид” б.а. “Темир” деген аталыштагы сүрө бар Куранда. Ушул Темир сүрөсүндөгү бир кереметтүү аят көпчүлүк илимпоздордун көңүлүн бурат. Ал жерде мындай дейт: “Ошондой эле биз темирди түшүрдүк. Анда адамдар үчүн мыкты күч жана пайда бар.” Аятта “Түшүрдүк”-деген мааниге келген “Анзалнаа”-сөзү колдонулууда. А бирок темир жер астынан чыгып жатпайбы? Эмне үчүн Куранда темирди жер астынан чыгардык деген жок. Эмне үчүн Куранда “темирди түшүрдүк” деп жатат. Келиңиздер бул аяттагы “түшүрдүк”-сөзүн тереңирээк изилдеп көрөлү. Темирдин пайда болуусу үчүн өтө жогорку температурадагы жылуулук керек. Андай температура жерде да, күндө да жок. Күндүн 6000 градустук сырткы жылуулугу, 15 млн градустук ядролук ысыктыгы да темирдин пайда болуусу үчүн жетишсиз. Темир күндөн да ысык болгон бир нече 100 миллиондук температурада гана пайда болот. Мындай температурадагы ысыктыка ээ болгон күндөн да чоң болгон жылдыздар бар. Бул жылдыздарга нова же супернова деген ат берилип келет. Бул жылдыздардагы темирдин өлчөмү белгилүү бир чекти ашкандан кийин жылдыз темирди кармай албай жарылып кетет. Натыйжада темир космоско чачырайт. Бир эле жер шарындагы эмес бүткүл күн системасындагы теимирлер сырткы чоң жылдыздардан келген. Демек темир аятта аткандай чоң жылдыздардын жарылуусунан улам жерге түшүрүлгөн. 20-21-кылымдын астрономиясы араң изилдеп ачкан бир ачылыштын 14 кылым мурун, илим-техника өнүгө элек бир доордо Куранда жазылып калуусу сизди таң калтырдыбы? Аяттын дагы бир көңүл бурчу жери темир адамдар үчүн пайдалуу жана анда күч бар деген жери. Бул аят түшкөн 7-кылымда темирден бир гана курал жарак жасалчу. Темирдин башка бир пайдалары тууралуу адамдар билбейт эле. Эмне үчүн Куран “Темирде силер үчүн пайдалар бар”-деп жатат ойлонуп көрүңүзчү. Илим-техникада темирдин колдонулуусу тууралуу айтып жатабы Куран? Ооба ал да бар бирок бул эле эмес. Келиңиздер темирдин биз үчүн дагы кандай пайдалары бар экенин дагы да тереңирээк карап көрөлү. Эгер ааламда темир болбосо көмүртеке байланыштуу бир жашоо болбой калмак. Т.а. супернова жылдыздары пайда болмок эмес, алгачкы доорлордогу глобалдык ысуу ишке ашмак эмес, атмосфера, гидросфералар болмок эмес, коргоочу магниттик талаа да болмок эмес, жерди ар кандай зыяндуу энергиялардан коргогон Ван Аллен деп аталган радиацилык талаа болмок эмес, озон катмары болмок эмес, кандагы гемоглобинди пайда кылчу метал болмок эмес, кычкылтектин реакциялык өзгөчөлүгүн азайта турган метал болмок эмес, тирүү организмдердеги зат алмашуу процесси ишке ашмак эмес. Мынакей! Оо менин бир тууганым! Эгер темир атому болбосо мына ушул жогорудагы процесстер ишке ашмак эмес. Бул процесстердин кээ бирлерин биринчи жолу уктуңуз туурабы? Атүгүл кээ бирлерин түшүнбөй да калдыңыз чыгар. Бул жогоруда аталган процесстер биздин жашообуз үчүн өтө маанилүү болгон, ар бири өз-өзүнчө терең илимий изилдөөгө таянган бир процесстер. Куранда темирде силер үчүн пайда бар деген кезде мына ушул пайдалар айтылган экен. Чынында таң

Похожие видео

Показать еще