Президент С.Жээнбековдун Талас облусуна болгон бир күндүк иш сапары соңуна чыкты
Президент Сооронбай Жээнбековдун Талас облусуна болгон бир күндүк иш сапары соңуна чыкты. Анын алкагында өлкө башчысы аймактагы бир катар социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, жеке дыйкан чарбаларына барды. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени Шекер айылында президенттин катышуусунда "Чыңгыз ордо" тарыхый маданий комплексинин курулушуна старт берилди. Президент Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкени Талас облусуна биринчи жолу жумуш сапары менен барды. Өлкө башчысы алгач «Манас-Ордо» улуттук комплексине барды. Сооронбай Жээнбеков тарыхый жайды бир аз кыдырып, андан соң жалпы арбактарга багышталып куран окутулду. Андан соң, мамлекет башчысы Талас районунда Тараз - Талас - Суусамыр авто жолун кайра куруу иштери менен таанышты. Жолду оңдоп-түзөө иштеринин 3-фазасы ушул жылы аяктайт. Кийинки бөлүгү 2019-жылы башталат, анын алкагында Казакстандын Тараз шаарына чейинки жол реконструкцияланат. Бул болсо Талас райнундагы Таш-Арык айылынын балдар бакчасы. Курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Бала бакча 140 орунга эсептелген жана ага 57 млн сомдон ашык сарпталмакчы. Мекеме быйыл ишке берилиши керек, өлкө башчысы бала бакчанын крулуш иштери менен толук таанышып чыкты.POST2LEFT Бул Бакай-Ата районунун Наматбек айылы. Мында 40 гектар жерди ээлеген алма бак орун алган. Ишкер Миргазы Оморов алма бак аянтын 2014-жылдан тарта өздөштүрүп, азыркы күндө 90 миң түп интенсивдүү типтеги 5 сорттогу алма көчөттөрү отургузулган. Адистердин айтымында, алманын бул сорттору Кыргызстандын климатына тез ыңгайланышат жана базарда жакшы өтөт. Президентке көчөттөрдү тигүүнүн жана мөмөнү өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү, аны мындан ары өнүктүрүү боюнча пландар менен тааныштырылды. Мамлекет башчысы Кыргызстан башка өлкөлөрдөн экологиялык жактан таза продукция өндүргөнү менен айырмалана турганын баса белгиледи. Ишкерлерди, өзгөчө аймактардагы ишкерлерди колдоо максатында түзүлгөн кепилдик фонду тууралуу айтып, президент компания жетекчилигине жана жалпы эмгек жамаатына жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө дарыгерлердин түйшүгү түмөн экенин, бирок, алардын айлык маяналары аз экенин белгиледи. Учурда эмгек акыны көтөрүү маселеси каралып жатканын айтты. Президент оорукананын башкы дарыгерине 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Жаңы ооруканада эми элүүдөн ашык адам эмгектенет, оорукананы кармоого жыл сайын бюджеттен 6 миллион сом бөлүнөт. Оорукана 14 айылдын элин тейлей алат. Президенттин Талас дубанына болгон жумуш сапарынын биринчи бөлүгү аяктады.