Жаңылыктар | 2.02.2022 | Саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты HD

02.02.2022
00:00 start - 00:55 Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Улуттук коопсуздук комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган өкмөт мүчөлөрү маалымат берди. - 05:28 Президент Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болду. Ошондой эле Конституциялык соттун жетекчиси да алмашты. - 08:41 Садыр Жапаров менен Си Цзинпин темир жол куруу долбоорун талкуулайт. - 09:17 Саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты. - 10:09 Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев суракка чакырылган журналисттер маселесин көтөрдү. - 11:05 Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча бир-эки күндө чечим кабыл аларын 2-февралда "Азаттыкка" билдирди. - 11:39 Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. метр кубдан төмөндөдү. - 12:16 Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев № 4 оорукананын директору Сабыр Жумабековду коррупцияга айыптады. Жумабеков азырынча комментарий бере элек. - 13:38 Алматыда кандуу январь окуяларында камалган 11 киши “ден соолугуна байланыштуу” 1-февралда эркиндикке чыкты. Шаардык прокуратуранын алдына камактагыларды бошотууну талап кылгандар нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө. - 16:15 "Кактус.Медиага" карата ачылган кылмыш иши, Нуржигит Кадырбековдун кезектеги сунушу жана студент кыздын айылына кошкон салымы. - 19:36 3-февралда Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Аба ырайы тууралуу маалымат менен таанышып алыңыз. #БүгүнАзаттыкта #жаңылытар _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще