Жаңылыктар | 19.04.2022 | Израил Газага сокку урду HD
Орусиянын армиясы Украинанын чыгышында «агрессивдүү аракеттерин» баштады. Москва Мариуполду бүтүндөй көзөмөлдөп жатканын билдиргени менен, украиндер «Азовсталь» заводу өз батальонунун карамагында экенин ырастоодо. Өкмөт бекиткен “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору ишке аша элек. Каржы министрлиги 2 мамлекеттик банкка каражат бөлбөй, келишим түзбөй турат. Ал арада айрым депутаттар 3,8 миллиард сомдук насыя айрым атка минерлердин жакындарына тийип жатканына тынчсызданышууда. Кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болушту. Мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында бүгүн башталган. 24-апрелде жыйынтыктала турган мелдеште эркин күрөш жана кыз-келиндердин таймаштары бар. #Махмудов #Шаршенбеков #Кумтөр _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще