Жаңылыктар | 28.04.2022 | Жапаров ооруканага жатты HD

28.04.2022
Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинанын Буча жана Бородянка шаарларына барды. Ал арада Германия парламенти Украинага оор аскердик техника берүүгө макулдук берди. Президент Путин болсо Орусия “чагылгандай сокку урууга даяр" экенин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн ооруканага түштү. Дарыгерлер ал инфаркт боло жаздагыдай абалда жүрөгү ооруганын аныкташты. АКШнын Өнүктүрүу агенттиги - USAID Кыргызстанга жардам катары 31 миллион сомдук медициналык жабдык берди. Коронавируска каршы техника Улуттук госпиталга, Чүй жана Ош облустарындагы ооруканаларга жиберилди. #Жапаров #Украина #Орусия _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще